Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

“АКЫЙКАТ ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫН КОЛДОГОН АЙРЫМ ЧҮЙЛҮКТӨР ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ КОШУЛАТ


Жазгүл Жамангулова, Чүй Жакында “Акыйкат үчүн” кыймылдын мүчөлөрү “Акыл ордо” кеңешинин Түп жергесинен Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/FC550AF9-8414-4AA3-A94C-47D787A1B5EC.asp чыгуу тууралуу сунушун колдоого алган. Ага ылайык үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Каркыраны кайтарып алууну жана парламентти таратууну талап кылган жөө жүрүш акциясы Бишкекке карай багыт алат. Мына ушул нааразылык иш чарасына кошулууну каалаган Чүйдөгү айрым тургундар 25-апрель күнү Ысыккөлгө жол тартышаары туурасында кечээ “Азаттыкка” маалымдашкан.

Маалым болгондой кечээ “Акыйкат үчүн” кыймылынын Токмок шаарында атайын бөлүмү ачылды, жакында кыймылдын лидерлери Аксуу айылында же Карабалта шаарында экинчи бөлүмүн ачууну пландаштырып жатышат. Кечээ “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесине келген “Акыйкат үчүн” кыймылынын Чүйдөгү лидерлеринин бири Сапар Аргынбаев, Каркыраны кайтарып алуу жана азыркы парламентти таратуу талабы менен жөө жүрүшкө чыккандарды колдогондор күн санап арбындоодо деп кабарлады:

- Азыркы күндө Ысыккөлгө барып нааразылык иш-чарасына кошулам дегендердин саны элүүдөй адамды түзүп калды. Алдыда дагы бир топ күн бар, Чүйдөгү “Акыйкат үчүн” кыймылын колдогондордун саны дагы арбын болот. Бөтөнчө соңку учурдагы жерге байланышкан маселелер элди мурункудан да жаман ирээнжитип койду.

Жергиликтүү бийлик ээлери жазгы талаа иштери кычап турган шартта нааразылык акцияларына кошулгандар деле болбосо керек дешет. Бирок нааразылыкка чыккандар Чүйдүн аймактарында мыйзамсыз аракеттерди кылышса аларга карата мыйзамдуу чара колдонот, деп белгилейт. Аламүдүн районунун акими Саматбек Керимкулов:

- Мен кайсыл айылдан кошулуп атканын билбейм. Бирок жазгы талаа иштери ушундай кычап турганда андай нааразылык иш-чарасын колдоп баргандар деле болбосо керек. Эгер ошондой иш-чаралар Чүйдүн аймагында болуп, алар мыйзамсыз аракеттерге барса, жергиликтүү бийлик мыйзамдуу чара колдонушу мүмкүн.

Жердин сатылышына байланыштуу аймактагы карапайым адамдардын пикири төмөндөгүдөй:

-Менин атым Калык. Мен жердин сатылышына каршымын. Кыргыздын ар бир атуулу буга каршы турушу керек. Түбүндө жерди саткандар жакшылыкка алып барбайт.

- Абдыкасым Амираев, телевидениеден Каркыранын сатылышын башкача көрсөтөт. Оппозиция такыр башкача айтып жатат. Кимисине ишенээрди билбей калдык.

XS
SM
MD
LG