Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ ЖАЛАЛАБАТТА ДАГЫ ЧЫГЫШАТ


22-апрелде “Ата Мекен” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/2721B235-BBAD-4A75-93AF-2302846EC56C.asp партиянын Жалалабат облустук саясий Кеңеши жыйын өткөрдү. Жыйын “Акыйкат үчүн” кыймылынын жана “Акыл ордо” кеңешинин Каркыра жайлоосу менен көлдөгү төрт пансионатты кайтарып алуу чечим-талаптарын колдоп чыкты. Партиянын айрым өкүлдөрү энерготармак, жер жана кен байлыктарды сатуу менен менчиктештирүүнү шашылыш түрдө чечип жатат деп эсептеп, бийлик менен Жогорку Кеңешке нааразылыктарын билдиришти. “Ак жол” партиясынын өкүлүнүн ою боюнча ижарага бериле турган пансионаттарга казак инвестициясы тартылышы ыктымал. Облбийликтин маалымат кызматы “атамекенчилердин бийлик кызматтан кетсин” деген ой-пикирлерин четке какты.

Саясий кеңеш Каркыра жайлоосу менен көлдөгү төрт пансионаттын Казакстанга бериле тургандыгына тынчсызданып, энерготармактар менен жер жана кен байлыктардын тагдырын “бийлик шашылыш түрдө чечип жатат” деп эсептеди. Жыйындагылар аталган жайларды өлкөгө кайтарып алуу талабы менен боло турган Ысыккөл-Бишкек жөө жүрүшүн кубаттап, республиканын калкына билдирүү менен кайрылышты. Партиянын облустук бөлүмүнүн жооптуу катчысы Асылбек Текебаев:

- Ысыккөлдүн эли жакшылыктан көчөгө чыгып жаткан жок. Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясаты элдин турмушун оорлотуп, саясий-экономикалык-социалдык кризиске алып келди. Элдин таламын аткара албаган, элдин ишеничин актай албаган бийлик бийликтен кетиши керек. Жердин, пансионаттардын сатылып кетиши боюнча коюп аткан талаптары туура. Биз алардын талаптарын колдойбуз.

Облустук бийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов Асылбек Текебаевдин бийликти кызматтан кетирүү жөнүндөгү пикирин кубаттаган жок:

- “Ата Мекен” саясий партиясынын бийликтин кызматтан кетсин деген талаптары таптакыр туура эмес. Алар жеке саясий кызыкчылыгын гана таңуулап жатышат.

Партия Үзөңгүкууш капчыгайы Кытайга берилгенде да нааразылыгын билдирген. Коомдук парламенттин өкүлү Ильичбек Нарматов Манас жердеген Каркыра жайлоосу коңшуларга кетсе, элдин кыжырдануусу күчөөрүн билдирди:

- Нааразычылык билдирип жаткан Ысыккөлдүн тургундарына өзүбүздүн тилектештигибизди билдиребиз. Анткени алар эң туура маселе көтөрүп жатышат. Каркыраны кайрадан кайтарып алуу боюнча талабы өтө орчундуу нерсе.

Саясий уюмдун облтөрагасынын орунбасары Кадырбек Жакыповдун сөзү боюнча өлкө үчүн аба менен сууга тете жаратылыш жана мүлк-байлык, кирешелүү жайлар тагдырын Жогорку Кеңеш аркылуу эмес, бүткүл эл менен кеңешкен соң чечүү керек. Облуюм өлкө экономикасын түзгөн энергетика тармактары менен жерлердин, кен байлыктардын элге билдирбей, жабык эшик артында сатылуусун токтотууну талап кылат деп айтты Кадырбек Жакыпов:

- Парламент ошондой маселелерди эл менен кеңешпестен туруп эле жең ичинен кабыл алып коюп атат. Мындан тышкары дагы бир топ маселелери бар, мисалы энергетика маселеси. Ошон үчүн парламентти таркасын деп талап коюп атышат. Биз “Акыл ордо” кеңеши кабыл алган чечимди колдойбуз.

Партиянын мүчөсү Кумар Азимбаевдин көз карашында жер башка жактыктарга берилерине өлкө жарандары кайдыгер карабоосу керек:

- Кылымдардан кылымдарга түбөлүк, менин ыйык, менин бийик, менин Кыргызстаным, биздин ыйык, биздин бийик Кыргызстаныбыздын бир ууч чекесинен коңшу мамлекеттерге кандайдыр бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн гана сатылып жатканы бир гана көлдүктөрдүн эмес, бүтүндөй кыргызстандыктардын көтөрүп чыга турган орчундуу маселеси болуп жатат. Ошондуктан бир гана көлдүктөргө тапшырып койбостон, Каркыра жайлоосу, көлдүн тегерегиндеги пансионаттар үчүн бүтүндөй Кыргызстан баш көтөрүп, өзүбүздүн жерибизди алып калышыбыз керек.

Жалалабат шаарынын тургуну Тинатин Жусупова чогулуштагылардын көңүлүн төмөнкүдөй сөзү менен бурду:

- Бийликтин жүргүзүп аткан саясатына эл арасында жүргөндө элдин көпчүлүгү кыжырданып жатышат. Элибизди, жерибизди саткан бийликтен жакшылык деле күтпөй калды окшойт элибиз. Мына ушундай чечимге көлдүктөр, жалпы эле кыргыз эли мурдараак келсе болмок. Каркыра жайлоосунун, төрт пансионаттын сатылышы жөнүндө бир топтон бери эле сөз жүрүп жатат.

«Ак жол» партиясынын облустагы төрага орунбасары Ашырбай Токоев пансионаттар Казакстандын акчасына курулган деп ойлойт. Анын пикиринде ижарага берилчү жерлерге казак инвестициясы тартылышы ыктымал:

- Жер, ал жерде курулуп турган пансионаттар бүгүнкү күндө алардын менчигине өтсө эле алар көчүрүп кетет деген ой-пикирден алыс болушубуз керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG