Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

ОРУС ЖУРНАЛИСТИКАСЫН “ООРУДАН” КАНТИП АЙЫКТЫРУУ КЕРЕК?


Москвада Россиянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/D9F63CB6-9040-4CA4-9E0A-ED3D393EB8D7.asp журналисттер союзунун кезектеги курултайы өтүп жатат. Делегаттар уюмдун проблемаларын, журналисттердин профсоюз бирикмесин түзүү, маалымат каражаттарына жаңы технологияларды киргизүү, бийлик менен маалымат каражаттарынын мамилелери өңдүү маселелерди талкуулашат жана жаңы жетекчилерди шайлашат.

Курултайга катышкандар орус журналистикасы оор абалга кабылганын белгилешти. Маалымат каражаттарында, өзгөчө телеканалдарда кесипкер журналисттер калбай баратат, алардын ордун шоубизнестин өкүлдөрү басып алды. Жалпы улуттук телеканалдар турмуштун ар түрдүү катмарларын казып-аңтарып, олуттуу проблемаларды талдаган программаларды кыскартып, калктын көңүлүн өңчөй оюн-шоок менен алагды кылганга өтүп алышты.

Көпчүлүк адистер мунун баарын орус журналистикасынын “оорусу” деп атап жүрүшөт. Бул ойго союздун баш катчысы Игорь Яковенко да кошулуп, журналистиканы коомдук турмуштан “пиар” сүрүп чыгара баштаганын моюнга алды. “Курултайда журналистика туш болгон ушул кризистен кантип чыгуу керектигин талдап-аңдап алууга тийишпиз”,-деп билдирди ал “Азаттыкка”.

Маалымат каражаттарынын сапаты начарлап, ага ишеним азайып, журналисттердин коомдогу ролу төмөндөп кеткенин, эркин маалымат мейкиндиги улам чектелип баратканын Яковенко кризистин таасын көрүнүштөрүнө кошту. “Бу Россияда эле байкалып жаткан көрүнүш эмес, бирок ал Россияда өзгөчө курч мүнөздө көрүнүүдө”, - дейт Яковенко.

Курултай ачылардан эки күн мурда эле “Московский корреспондент” гезитинин иши токтотулган болчу. Бул басылма жакындагы бир макаласында президент Путин эки ай мурда аялы менен ажырашып кетиптир, эми быйыл жайда мурдагы гимнастка Алина Кабаевга үйлөнүп, той өткөргөнү жатыптыр деп жазып чыккан эле. Ошондон соң гезит ээлери анын ишин токтотуп,башкы редакторун жумуштан алышты. Бирок кечээ алар басылма кайра чыга баштарын, бирок саясат темасын таптакыр жазбай турганын билдиришти.

“Кремлден эч ким телефон чалган жок жана эч кандай талап коюшкан жок, бу чечимдердин баарын мен өзүм кабыл алдым”, - деп ырастады “Улуттук медиакомпаниянын” башкы директору Артем Артемов.

Кысталаң шарттарда иштеген журналистика боюнча Москвадагы борбордун жетекчиси Олег Панфилов азыркы кризиске көп жагынан бийликтердин кысымы себепкер болгонун белгиледи. “Басма сөздүн көз карандысыз институттан пропагандага айланышы үчүн баары жасалды, - деп айтты ал “Азаттыктын” кабарчысына. – Журналисттердин өз укуктары үчүн күрөшө билишине, атап айтканда, алардын профсоюзу болушуна бийликтер караманча кызыкдар эмес. Бийликтер ошондой эле журналисттердин кесипкерлик билимин көтөргөнгө да таптакыр кызыкпайт, анткени көз карандысыз журналисттерден көрө бийликке анын айтканын эки кылбаган пропагандисттер көбүрөөк пайдалуу”.

Россияда соңку жылдары бир нече журналист киши колдуу болушту. Алардын көзүн тазалагандар, айталы, Анна Политковскаянын өмүрүн кыйган кылмышкерлер алиге чейин табыла элек.

Сүрөттө Росиянын журналисттер союзунун баш катчысы Игорь Яковенко

XS
SM
MD
LG