Пенсилваниядагы жеңишине чечекейи чеч болгон сенатор Хиллари Клинтон атаандашы менен акырына чейин кармашканга сөз берди. “Айрымдар мени эбак эле эсептен алып салган эле жана жарыштан чыкканга чакырган эле, - деп айтты Клинтон. - Бирок америкалыктар эч качан каркыны сынган эл эмес, андыктан ага каркыны бекем президент керек”.
“Алды жакта дале көп иштер турат, - деп улантты сөзүн Клинтон жеңишке демденген тарапкерлерине кайрылып. – Эгер силер буга даяр болсоңор, мен да даярмын!” Клинтон азыркы жарышта кээде чалыштап калышы ыктымал экенин, ага башкалар бут тосушу да мүмкүн экенин моюнга алып, бирок тарапкерлери колдоп турганда аны майыштыруу кыйын болорун эскертти.
Пенсилванияда Клинтонду аялдар, католиктер, жумушчулар менен ак түстөгү эркектер колдоду дешет. Сенатор Барак Обама болсо адаттагыдай эле афроамерикалыктардын жана байгер шайлоочулардын добушун алды. Ал атаандашын куттуктап, Пенсилванияда жеңишке үмүт кылбаганын, бирок ортодогу айрыма сакталып калганына ыраазы экенин жашырбады.
Өз тарапкерлерин Обама АКШнын алдында турган чоң проблемаларга назарын топтогонго чакырды. “Кээде азыркы өнөктүктүн маанисин опоңой эле унутуп калганга, учурдун кыйчалыштыгын көңүлдөн чыгарып койгонго болот,- деп айтты ал. - Саясаттагы араздарга, акылсыздыкка же өчмөнтөйлүккө азгырылып кетүү оңой. Жаңжалдардан да эч ким толук оолак боло албайт жана мунун баары улутка кооп келтирген орчундуу маселелердин: эки согуш, экономикадагы басаңдоо, планета туш болгон коркунуч өңдүү иштердин маанисин түшүрөт”.
Соңку санактарда Хиллари Клинтон Пенсилванияда атаандашынан болжол менен 10 процент көп добуш алганы аныкталды. Демек, штаттагы 158 делегаттын теңинен көбү партиялык курултайда ага добуш берет. Бирок Клинтон жалпы делегаттар саны жагынан дале Обамага жете элек. The Associated Pressтин болжолдуу эсептеринде Клинтонду колдогон делегаттар саны 1561ге, Обаманы жактагандар 1694кө жеткени айтылат. Маарага жетүү үчүн 2025 добуш керек.
Демократтар эмдиги сынамык шайлоосун 6-майда Индиана жана Түндүк Каролина штаттарында өткөрүшөт. Обама бул шайлоону чечүүчү кармаш деп атады. Эгер аталган эки штатта да ал азыркы артыкчылыгын сактап калса, анда абройлуу партиялаштары Хиллари Клинтондон Ак үй үчүн күрөштөн өз ыктыяры менен баш тартууну кайрадан талап кылышы мүмкүн. Демократтардын улуттук комитетинин башчысы Говард Дин жакында эле 800дөй “суперделегаттын” баарын өз позициясын так аныктоого чакырган эле. Бирок алардын үч жүздөйү алиге чейин кимди колдоорун билбей, ыргылжың абалда турушат.
Байкоочулар демократтардын лагериндеги “ит жыгылыш” абал күздөгү шайлоодо республикачыл партиянын талапкери сенатор Жон Маккейндин мүмкүнчүлүгүн арттыра турганын эскертишүүдө.