Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН КОМПЬЮТЕРДИК БОРБОРУ АЧЫЛАТ


Эртең 25-апрелде саат 10до Улуттук илимдер академиясынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/science/ky/2008/02/5C004E4A-A66B-4320-B84A-233E4E1564BC.asp Тил илимий институтунда аталган институт менен кыргыз информатикалык технологиялар институту жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин биргелигинде Кыргыз тилин компьютерлештирүү Борборун ачуу аземи өтөт.

Кыргыз тилинин компьютердик Борбору – азыркы заманбап технология менен жабдылган компьютердик лабораториялык борбор менен ачылып жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда – тил өнүккөн жерде техника жетишсиз же болбосо техника өнүгүп аткан жерде тил аксап отурат. “Мына ушул кенемтени толтуруу үчүн биз биргеликте аракеттенүүнү чечтик”, - деди Кыргыз илимдер академиясынын алдындагы Тил илимий институтунун директору Кадыралы Коңкобаев:

-Кыргыз илиминдеги көп жакшы нерселердин баары унутулуп калып жаткандыгына байланыштуу, кыргыз элиндеги баалуу маалыматтардын баарын – 400 дөн ашуун кыргыз Энисей жазууларын жана бүгүнкү күнгө чейинки улуттук баалуулуктарыбызды компьютерге киргизели деп жатабыз.

Кыргыз транспорт, курулуш жана архитектура университетинин ректору Акынбек Абдыкалыковдун пикиринде, кыргыз тилин бүгүнкү күндүн деңгээлинде өнүктүрүүгө компьютердик технологиялар жетишпейт:

-Чындыгында техникалык жетишсиздиктен кыргыз тили дүйнөлүк деңгээлде өнүкпөй келатат. Ал эми кыргыз тили милдеттүү түрдө компьютерлештирмейин өнүгүшү кыйын. Мисалы ошол Тил институтунда бүгүнкү күндө бир да компьютер жок турбайбы. Биз азыр бул Борборго 10 компьютер берип жатабыз.

Кыргыз тилинин бүгүнкү компьютердик заманда талапка ылайык өнүгүшүнө салым кошуп аткандагы негизги максаты тууралуу Кыргыз информатикалык технологиялар институтунун директору Бейшенбек Үкүев буларды айтты:

-Биздин эң башкы максатыбыз – студенттерибиз тил боюнча окумуштууларыбыздан билим алышса, а биз болсо тил окумуштууларына заманбап техниканы үйрөтсөк дейбиз.
XS
SM
MD
LG