Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

ПАРЛАМЕНТ УЛУТТУК ЭНЕРГЕТИКА ПРОГРАММАСЫН ЖАКТЫРДЫ


Жогорку Кеңеш бүгүн өлкөнүн 2008-2010-жылдарга карата улуттук энергетика --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/90CA15BC-5A17-4165-913C-C9A89A045C34.asp программасын жана отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясын кабыл алды. Бирок маселени талкуу учурунда суроо берүүгө жана жарыш сөздөргө чек коюлгандыгына нааразылык билдирип, Социал-демократтар жана Коммунисттер фракцияларынын мүчөлөрү парламент жыйынынан чыгып кетишти. Ошентип бул программа “Ак жол” фракциясы тарабынан гана кабыл алынды.

Энегетика программасынын долбоору боюнча өнөржай, энегетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков баяндама жасады. Анын айтымында, Кыргызстан жылына орто эсеп менен 30 миллиард киловаттка чейин электр кубатын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар болсо, азыр 15 миллиард киловаттка чейин электр кубаты иштелип чыгууда.

Токтогул ГЭСи Кыргызстан калкы керектеп жаткан электр кубатынын 40 пайызын берет. Эгер энергетика программасы толук аткарыла турган болсо, 2025-жылга карата электр кубатын иштеп чыгуу 35 миллиард киловаттка жетет же азыркыга салыштырмалуу 2 эседен ашыруу болжолдонууда.

Суроолорго жооп берип жатып министр Сапарбек Балкыбеков бул жерде сөз жалпы энергетика тармагын эмес, бөлүштүрүүчү тармакты гана менчиктештирүү жөнүндө болуп жатканын белгиледи:

- Бул тармакта буга чейин жүргүзүлгөн реформа дүйнөлүк тажрыйбадан улам жасалды. Дүйнөдө ушундай, электр кубатын иштеп чыгуу өзүнчө, жеткирүү, бөлүштүрүү өз-өзүнчө. Бирок бул реформанын эки баскычынын максаты туура болгону менен ал шашылыш, бардык маселелерди иштеп чыкпай туруп жасалган. Эми “а” дегенден кийин “б” деп, аны аягына чыгарыш керек. Бул жерде сөз жалпы энергетика тармагын эмес, бөлүштүрүүчү тармакты гана менчиктештирүү жөнүндө болуп жатат.

Министр ошондой эле электр кубатынын наркы 2001-жылдан бери өзгөрүлө электигин, бул маселени өкмөт жакында караарын, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң төмөнкү нарк Кыргызстанда экенин белгиледи.

Маселени талкуу учурунда суроо-берүүгө жана жарыш сөздөргө чек коюу боюнча сунуш кабыл алынып, бул Социал-демократтар жана Коммунисттер фракцияларынын депутаттарынын нааразылыгын пайда кылды. Депутат Султаналиева маанилүү мындай маселени кароодо сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтып чыкты:

- Кечээки парламенттик угууда да жарандык коомду чакырып алып, кайра аларга сөз бербей, шылдыңдагандай болуп калды. Эми бүгүн биздин мандатыбыз тургандан кийин сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берип койсоңуздар.

Ушундай талаш-тартыштан соң ар бир фракциядан бирден өкүл сүйлөй турган болуп, Социал-демократтардын атынан сөзгө чыккан Иса Өмүркулов жарыш сөзгө уруксат берилбегени үчүн фракция залдан чыгып кетээрин жарыялады:

- Энергетика – мамлекеттин негизги тармактарынын бири. Эгер бул маселеде биздин жарандык коомдун өкүлдөрү пикирин айта албаса, ушул жерде отурган, элдин атынан сүйлөйм деген азыноолак депутаттар да пикирин айта албаса, анда биз каякка барып айталы? Ар бир сын-пикир силер үчүн шоу болуп калды, урматтуу төрага! Сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей жатасыңар. Ошон үчүн СДП фракциясы бул программаны талкуулагандан баш тартып, залдан чыгып кетебиз.

Коммунисттер фракциясынын өкүлү Анаш Сейтказиев да программаны сынга алып, бөлүштүрүүчү компанияларды казакстандык ишкер Александар Машкевич сатып алып жатат деген маселени ачыкка чыгарды:

- Бүгүнкү күндө электр кубатын бөлүштүрүүчү компанияларга ким ээ болот деген суроо турат. Мырза Машкевич жакында бул компаниялардын ээси болуп чыга келсе жаңылык деле болбой калат. Анткени ал бул үчүн былтыр эле акчасын төлөп коюп, өкмөт азыр аны менен эсептешүүгө аргасыз.

Ушундай билдирүүдөн соң Коммунисттер фракциясы да залдан чыгып кетти. Төрага Адахан Мадумаров болсо эки фракциянын чечимин саясий жоопкерчиликсиз катары баалап, “Ак жол” фракциясын жоопкерчиликти алууга чакырды. “Ак жолдун” атынан сүйлөгөн депутат Кубаныч Жолдошев да бул программаны кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Бирок депутат Анаш Сейитказыевдин бөлүштүрүүчү компанияларды ишкер Машкевич сатып алганы тууралуу билдирүүсү залда эч кандай деле реакция пайда кылган жок. “Акжолчу” депутат Кубаныч Жолдошев “Азаттыкка” андай болушу мүмкүн эмес деген пикирин билдирди:

- Андай болушу мүмкүн эмес. Мен бул тууралуу уккан эмесмин, Машкевич ким экенин деле билбейм. Бул эми бир депутаттын билдирүүсү болду да, мен ага кошулбайм.

Ошентип энергетика тармагын 2025-жылга чейин өнүктүрүү маселелери каралган программа 64 добуш менен “Ак жол” фракциясы тарабынан гана кабыл алынды.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG