Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

ЖОЛ АКЫСЫ ИЮНДАН ТАРТА КЫМБАТТАЙТ


Бишкек шаардык кеңеши бүгүн кабыл алган чечимге ылайык троллейбус жана чоң автобустарга жол кире --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/04/35236C0E-C9B4-40B3-8EC4-B3D872CF712E.ASP 5 сом, чакан автобустарга жол кире 8 сом, кечкисин 10 сом болот. Чечим 1-июндан тарта күчүнө кирет. Шаардык кеңеш ошондой эле 1-майдан тарта борбордогу пенсионерлерге берилип келген жеңилдиктерди акчалай түрдө берүүгө өтүү тууралуу чечимди жактырды.

Жол кирени көтөрүү талабы менен айдоочулар алгачкы ирет март ыңкылабынан кийинки күндөрү нааразылык акциясына чыгышкан. Ал учурда күйүүчү майдын баасы 15-16 сомдун айланасында болчу. Шаардык бийлик айдоочулардын талабын четке каккан. Андан бери борбор калаада жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар жолкирени көтөрүү талабы менен бир нече жолу иш ташташты. Буга эң негизги себеп – күйүүчү май баасынын тездик менен өсүп жатканы болгон. Бүгүнкү күнү күйүүчү майдын баасы 31 сомго чыкканын белгилеген мэр Данияр Үсөнов депутаттарга жолкирени көтөрүүнүн зарылчылыгын кеңири айтып, түшүндүрдү:

-Буга чейин он жыл илгери жол кире 5 сом болчу. Бүгүнкү күнү күйүүчү май 31 сом болуп атат, жол кире болсо беш сом бойдон калууда.

Данияр Үсөновдун маалыматы боюнча ушул тапта миллион калктуу Бишкекте 405 миң адамга жол акы төлөөдө жеңилдик берилген. Шаар мэри жеңилдиктердин айрым түрлөрүн акчалай түрдө берүү менен жоюуну сунуш кылды. Бул үчүн шаардык бюджетке кошумча 98 млн сом керек болот. Жол акыны көтөрүүгө депутаттар негизинен каршы болушкан жок. Натыйжада Бишкектеги кичиавтобустарда жүрүү акысын күндүз 8 сом, кечки саат 21-24кө чейин 10 сомго чыгаруу тууралуу сунуш 34 добуш менен кабыл алынды. Мындай өлчөмдөгү жол кире монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкектеги башкармалыгынын да колдоосун тапты. Аталган башкармалыктын жетекчиси Акыл Айтбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча жол кирени 8 сомго чыгарууга толук шарт бар:

-Бизге алгач кайрылганда жол кирени 7 сомго көтөрүп берүү өтүнүчү болгон. Ал учурда күйүүчү майдын баасы 24-25 сом болчу. Азыр баа дагы 5-6 сомго кымбаттаганына байланыштуу биз жолкирени 8 сомго чыгарууга макулдугубузду бердик. Бүгүнкү күнү буга толук шарт бар. Мындан тышкары биз эл ташыган ишканаларга дагы шарт койгонбуз, бул жолкире тууралуу мыйзамды бекитүү буйругунда көрсөтүлөт: ар бир кичиавтобустун ичинде баалар тууралуу маалымат көрүнөө жерде илинип турууга тийиш. Саат канчага чейин 8 сом, канчадан кийин 10 сом экенин жүргүнчүлөр да жакшы билип, өз укуктарын коргоого аракет кылса болот.

Шаардагы кичиунаалардын жүрүшүнө, айдоочулардын өзүн алып жүрүүсүнө карата жүргүнчүлөрдөн дайыма нааразылыктар айтылып келет. Шаар кеңешинин депутаты Гүлбара Токтогулова айдоочулар эл ташуу маданиятын жана жол коопсуздугун толук өздөштүрүүгө тийиш, деп белгиледи:

-Айдоочулардын аялдамаларга гана токтоп, унааны таза алып жүрүп, салондун ичи талапка жооп бергендей отургучтары, туруп турган жүргүнчүлөр үчүн кармагычтары менен болсун деп атабыз. Мындан тышкары алар элдин баарын толтуруп салып албастан, жүргүнчүлөргө сылык мамиле кылууга тийиш.

Шаар ичинде эл ташыган кичиавтобустар 40тан ашуун кичи ишканаларга баш иет. Алардын бири “Акжолтой” ишканасынын жетекчиси Кеңешбек Жусупов эл ташууга чоң-чоң автобустар чыкмайынча бул маселе чечилбейт, деп эсептейт. Анын айтуусунда айдоочулар жол кирени 1-майдан тарта көтөрүп берсе деп күтүп атышкан:

-Эмнеге десеңиз, Шаардык кеңеш бул маселени кароону эки ирет жылдырды. Мурдагысында мейли эми, 1-майдан тарта деп күтүп атышкан. Эми 1-июнга макул болушары белгисиз. Биздин “Акжолтой” ишканасынын айдоочулары болсо 1-июндан тарта гана жаңы тарифке өтүшөт.

Шаардык мэриянын маалыматы боюнча азыр көп орундуу, чоң-чоң автобустарды сатып алуу үчүн сырттан инвесторлорду тартуу аракети жүрүп жатат. Бул максатты ишке ашырууга Казакстандын “Туран” банкы көмөктөшөрү айтылууда. Албетте муну убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG