Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

25-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1876-жылдын 25-апрелинде генерал М. Д. Скобелев менен Абдылдабек баштаган кыргыз козголоңчуларынын ортосунда айыгышкан күрөш башталды. 1420-жылдын бу күнү айтылуу Улугбек мырзанын элчилери могол өлкөсүнүн ээлигине келишкен.

1876-жылдын 25-апрелинде генерал М. Д. Скобелев менен Абдылдабек баштаган кыргыз козголоңчуларынын ортосунда айыгышкан күрөш башталды. Абдылдабектин 1500 чамалуу жигити Жаңылык капчыгайындагы ашууну ээлешип, генерал Скобелев аскерин эки топко бөлүп козголоңчуларга чабуул койгон. Биринчи топту өзү баштап, Терек-даван менен алып, экинчи топту капитан М. Е. Ионов жетектеп, алар Будалык капчыгайы аркылуу Жапалакка чыгышкан. Генерал Скобелевге козголоңчулардын катуу каршылыгы күтүүсүз жаңылык болгон жана орус отряды жоготууларга учураган.

1420-жылдын бу күнү айтылуу Улугбек мырзанын элчилери могол өлкөсүнүн ээлигине келишкен жана Моголистанда бийлик алмашып, башаламандык башталганына күбө болушкан. Элчилердин кабарлоосуна караганда, Увайс хан Шир-Мухаммадга каршы күрөш баштап, улус экиге бөлүнгөн.

1912-жылдын бу күнү Почта-телеграф конторасынын начальниги М Чистяков Кемел Шабдановго ыраазычылык кат менен кайрылган. Анын жазганына караганда, Кемел Шабданов атасына көрсөткөн ызааты үчүн конторага император Николай II портретин белекке берген.

СССР Жогорку Кеңеши 1974-жылдын 25-апрелинде «Наркоманияга каршы күрөштү күчөтүү туурасында» жардык кабыл алган. Жогорку Кеңештин жардыгына ылайык жалпы Советтер Союзунда, анын ичинде Кыргызстанда апийим эгүүгө жана апийим өндүрүшүнө тыюу салынган. Адистердин белгилөөсүнө караганда Жогорку Кеңештин аталган жардык жарыялашына Кыргызстандын ошол убактагы жетекчиси Турдакун Усубалиевдин түздөн-түз тиешеси бар. Анын апийим эгүүнүн жана апийим өндүрүшүнүн зыяндуулугу туурасындагы Советтер Созунун жетекчилигине кайрылуулары өтөөсүнө чыккан.

2002-жылдын 25-апрелинде антитеррордук күчтөрдүн Кыргызстанда өткөн машыгуусу соңуна чыккан.

Таанымал тарыхчы, мээнеткеч изилдөөчү Нарынбек Алымкулов бул күнү 50 жашка толот. Н. Алымкулов 1976-жылы Карабалта шаарынын №1-мектебин бүтүп, адегенде билим казынасына киришти Мамлекеттик университеттин тарых факультетинен баштап, кийин аны айтылуу Москва мамлекеттик университетинен келиштирген. Илимге жатык студент үчүн МГУнун аспирантурасында орун бөлүнүп, Нарынбек Ашыралиевич ал жерден илим кандидатыгы үчүн жазылган диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Педагогдук жана илимий изилдөө чыйырын адегенде Улуттук университете баштап, азыр Борбордук Азиядагы Америка университетинде эмгектенип жаткан чагы.

1966-жылы Ташкентте 7,5 баллдык жер титирөө болгон. Жер титирөөдөн эски шаар жабыр тартып, нечендеген үйлөр кыйраган. Ташкент шаарын калыбына келтирүү чарасы Союздук программага киргизилип, турак-жайларды куруу ишине Кыргызстан да тартылган болчу. Анын натыйжасында Ташкентте Кыргызстан микро-району курулган.

25-апрель еврей калкынын каармандык жана кайгы күнү катары белгиленет. Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттердин колунан каза болгон алты миллион еврейлердин арбагына бу күн - Холокост курмандыгын күнү деп эскерилет.
XS
SM
MD
LG