Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ҮРКҮН БОЮНЧА МОСКВАНЫН РЕАКЦИЯСЫНА АЙРАН ТАҢ


Кыргызстандын Жогорку Кеңеши кечээ Орусиянын Мамлекеттик Думасына кайрылуу жөнөттү. Анда 1916-жылкы Үркүндө курман болгондорду эскерүү күнүн белгилөө тууралуу кыргыз парламенти кабыл алган чечимге байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү таң калууну жараткандыгы айтылат.

Кыргыз парламенти өткөн жумада кабыл алган токтомдо жыл сайын август айынын биринчи жумасында 1916-жылы шейит кеткендерди эскерип, Боом капчыгайына кире бериш жерде тарыхый-этнографиялык жай куруу белгиленген.

Орусиянын бир катар маалымат каражаттары Тышкы иштер министрлигинин басма сөз департаменти кыргыз парламентинин бул токтому эки өлкөнүн достук мамилесин салкындатат деп билдиргендигин кабарлашкан. Кыргыз парламенти ага жооп кылып кабыл алган кайрылуусунда орус элинин тарыхын, маданиятын, тилин ар дайым урматтап келген кыргыз элинин өз тарыхын эскерүү аракетине Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин эки элдин алакасын салкындатат деп баа бериши таң калууну жаратат жана аны менен Жогорку Кеңеш өз суверенитетинен аша чапкан жок деп айтылат.

Ал эми Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз парламенти Тышкы иштер министрлигинин басма сөз департаментинин маалымат каражаттарына тараткан кабарын натуура түшүнүп, маанисин бурмалап жатат деген пикирде. Ал тууралуу элчиликтин басма сөз катчысы Виктор Харченко мындай дейт:

- Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымдоо каражаттарына берген кабарында көз карандысыз Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүгө эч кандай аракет жок деп жазылган. Ушундан бул кабардагы сөздөрдү толук тактап алышса максатка ылайык болмок. Алар документтин маанисин бурмалап жатышат. Мыйзам чыгаруучулар мыйзамдын тили менен сүйлөшүү зарыл, башкача айтканда, түшүндүрмө берүү же талкуулоо үчүн документтеги ар бир сөздү так түшүнүү жана расмий билдирүүдө да так жазуу керек.

Анткен менен айрым саясат талдоочулар бир партия үстөмдүк кылган парламент кыргыз элинин нааразылыгын көбөйткөн жер, суу, кен, энергетика боюнча чечимдеринен калктын көңүлүн алагды кылуу үчүн ушундай популисттик чечимдерди да атайылап кабыл ала коюп жатышат деп талдап жатышат. Алардын бири, “Таза коом” партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров мындай дейт:

- Мынакей биз кыргыз элин колдоп жаткан партиябыз. Президент да кыргыз элинин кызыкчылыгын колдогон адам дегендей сүр көрсөтүш үчүн, тактап айтканда, саясий упай алыш үчүн гана жасалып жатат.

Токтомдун автору, депутат Бейшебек Абдырасаков бул шейит кеткен ата-бабалардын арбагына таазим кылуу менен бирге азыркы жаштардын патриоттук сезимин көтөрүү максаты менен эле кабыл алынды деген бекем ишенимде:

-Ата-бабага куран окутуп, эскерип койсок эч жаман болбойт. Ата-бабага куран окуткандан эч кандай жамандыкты көргөн жокмун.Эми азыр элдин баары саясатчы да,анан алар дагы 1916-жылкы улуттук көтөрүлүштүн негизинде 1917-жылкы Улуу октябрь революциясы болгондугун туура түшүнүш керек. Ал революциядан эч кимге жаман болгон эмес. Ар кандай нерсени саясатташтырган адамдар болот да! Бул жакшы ой, жакшы тилекти башка жакка буруу. Ата-бабага куран окуткандан мен эч кандай жамандыкты издеген жокмун.

Ал эми айрым саясат талдоочулар Орусия кыргыз парламентинин чечимине түс кайруу менен Кыргызстанды өз геосаясий алкагынан чыгарбоо аракетин көрсөттү деген ойдо.

XS
SM
MD
LG