Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:16

07:20 Ысыккөл элинин 90 пайызы бийликтин Каркыра боюнча чечимин колдобойт


Бул тууралуу “Акыйкат үчун” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов билдирди. Анын айтымында, ушундай пикирлерин жергиликтүү эл кыймылдын мүчөлөрү менен жолугушууларда билдиришкен. Ошондой эле Аликбек Жекшенкулов Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев 26-апрелде өтө турган жөө жүрүшкө барбагыла деп, элге ун, май таратып жатканын кошумчалады. Буга чейин кабарлангандай, эртең 26-апрелде Каркыра жайлоосундагы жердин жана Ыссыкөлдөгү 4 пансионаттын Казакстанга берилишине каршы Каракол-Балыкчы багыты боюнча жөө жүрүш башталат. Бир катар саясатчылар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү бүгүн Бишкектен Түпкө барышат. Бийлик тарап болсо чегара жана пансионаттар маселесинде кыргыз тарап уттурбаганын байма-бай айтып келатат.(MSu)

XS
SM
MD
LG