Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВ: “АЗЫРКЫ БИЙЛИК МЕНИН АРТЫМАН ТҮШТҮ”


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Курулуш жана архитектура боюнча агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/6B81EE6A-4EF5-4810-820C-9E31F5BD72B4.asp учурда ага карата түзүлүп жаткан тоскоолдуктар тууралуу “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Ишенбай мырза, сиздин бир тууган иниңиз Нарынбек Дүйшембиевди кечээ каржы полициясынын кызматкерлери кармоого аракет кылышкан деген маалымат тарады. Ошонун чоо жайына токтоло кетсеңиз.

-Кечээ 24-апрелде саат 16да менин бир тууганым Дүйшембиев Нарынбекти үч машине тороп токтоткон. “Эмнеге токтотосуңар?” деген суроосуна Каржы полициясынын полковнигимин деп өзүн тааныштырган жигит “бизге тиешелүү маселе боюнча финансы полициясы тарабынан кылмыш иши козголду” деп, инимди алып кетүүгө аракет жасашкан. Качан гана инимдин Кадырбеков Ишенбай эмес экендигин аныктагандан кийин кечирим сурамыш болуп, кое беришкен.

Ошол эле учурда менин досум - шаар курулуш көзөмөлдөө башкармасынын мурдагы жетекчисинин кармалгандыгы тууралуу кабар келди. Кечки саат 19да кечээ күнү чаап алчудай үч сомодой жигитти “азыр алып жетип келгиле” деп үйүмө жиберишиптир. Мен повесткасына “эртең барам” деп кол коюп бердим.

Жогорудагы окуя бийликтин кезектеги куугунтугу болгондуктан, мен төмөндөгүдөй билдирүүнү жасаганы жатам: “Мени жумуштан себепсиз бошоткону аз келгенсип, мага карата кылмыш иш козгогону, каржы полициясынын мыйзамдын белгиленген тартибинде мага билдирбегендиги азыркы бийликтин кезектеги саясий ыплас иши деп эсептейм. Экинчиден, мындай куугунтукка алуу аракеттерин мыйзамды тебелеп, укугумду кордогону. Үчүнчүдөн, мага жана менин туугандарыма, учурунда чогуу иштешкен айрым кесиптештериме көрсөтүлө баштаган куугунтуктоо өлкөнүн президентине кайчы пикир болгонумдан, жакында өткөн Элдик курултайга катышып, анын чечимдерин колдогонуман чыгып отурат деп эсептейм.

Кыргыз жерлеринин, пансионаттардын казактарга берилиши, өлкөнүн стратегиялык энергетика тармактарын ыйгарып алууга каршы чыккандарды күч колдонуу менен думуктуруп, баягы эле 37-жылдагы эле жаңырык экени көрүнүп турат. Бул бүгүнкү бийликтин саясий жактан толугу менен банкротко кептелип калганын далилдейт. Кылмыш иштин козголушу алардын айласы кеткен иш-чарасы деп эсептейм. Эркин көз карашымды ким болсо дагы мыйзамсыз иш-чара аркылуу эч качан майтаралабайт деп айтат элем”.

Мындай көрүнүш мурдагы бийликтин доорунда дагы башталган, Акаевдин учурунда өзүңөр билесиңер Жогорку Кеңешке өтпөсүн деп иш козгошкон. Ошондуктан мен мындай деп айтат элем: Жолдош президент, бул күндөр дагы өтөт, эгерде саясий куугунтуктоо токтотпосоң, жалпы элдин катарында акыйкат үчүн, элимдин келечеги үчүн акырына чейин кармашка даяр экенимдин билсин деп айтайын деп жанагындай билдирүү жасап жатам.

-Ишенбай мырза, мына сиздин кызматтан алынышыңызга Кочкор районундагы мектептердин сапатсыз салынышы себеп болду деген маалыматтар чыкпадыбы. Ошонун канчалык чындыгы бар?

-Өзү суранган президент, мурдагы жылы, “8 мектеп күйүп, өрттөнүп, урап калды, ушуга жардам бер, бир жарым айдын ичинде сегиз мектеп курганга жардам берчи”, деп. Ошондо дүйнөлүк тажырыйбадагы жаңы технология менен сегиз мектеп куруп берген болчумун. Мен эмес, Госстройдун көзөмөлү алдында. Эми ошону куруп бүткөндөн кийин эле артыман иш козгоп, мектепти кургандарга иш козгоп туруп, мага факты издеп жүрүшкөн болчу.

Былтыр жер титиреп, Кочкордо, Баткенде жаман окуя болгондон кийин “болду, мени кийилигиштирбегиле, бир нерсе болсо эле иш козгоп, бир нерсе издейт экенсиңер”, десем болбой, “эми жердештериң, ушундай мектеп куруш керек” деп суранганынан кайра жаңы дүйнөлүк тажырыйба менен мектептер курулган болчу. Эми ошонун тегерегинде эптеп саясий куугунтукка алуу, мага бир компромат издеш үчүн курулушчуларды дагы, долбоорду жасагандарды дагы, бардыгын кыйнап жанагындай саясий оюн баштап жатат. Жарыкты өчүрүп коюп, балдар үшүп жатат деп министр Болжурова дагы сыналгыдан чыгып айтып жатат, прокуратура дагы тегерегинде иштеп жүрөт, Эсеп палатасы дагы. Айтор артыман түшүштү.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG