Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

СОТТОРДУН АЛТЫНЧЫ КУРУЛТАЙЫНДА ЭМНЕ КЕП БОЛДУ?


25-апрелде Бишкекте Кыргызстан судьяларынын алтынчы курултайы болду. Ага өлкөнүн президенти баш болгон бийлик башчылары, 400дөн ашуун судьялар катышты. Курултайда сот иштери боюнча кеңешти түзүү, сот системасын реформалоодогу жаңы мыйзам долбоорлору жөнүндө сөз болду. Курултайдын соңунда 15 кишиден турган судьялардын кеңеши түзүлдү.

Курултайда сөз сүйлөгөн президент Курманбек Бакиев конституциялык реформа соңуна чыгып, анын негизинде сот системасын өркүндөтүүгө шарт түзүлгөнүн белгиледи:

-Конституциянын жаңы редакциясында сотторду шайлоо жана дайындоонун жаңы жол-жоболору бекитилди. Анын ичинде судьялык кызматка карылыгы жеткен мөөнөткө чейин дайындоо жана судьялардын жүрүм-турумунун шексиз болушу боюнча талап коюлду, сот иштери боюнча улуттук кеңешти түзүү, ошондой эле соттук өзүн-өзү башкаруу, өз алдынча бюджетин түзүү мүмкүнчүлүгү жана башка жаңылыктар киргизилди.

Президент судьялардын айлыгы 3-4 эсе көтөрүлүп, судьяларга жүктөлгөн иштердин чен-өлчөмдөрү илимий негизде аныкталганын, мунун натыйжасында судьялар штаты кеңирип, эми судьялардын жардамчысы кызматы киргизилерин кошумчалады.

Сот системасын реформалоо боюнча жаңы мыйзам долбоорлордо атуулдардын арачы катары сотко катышуусу, сот приставы кызматын киргизүү, мамлекеттик төлөмдөрдү сотко кайрылууда эмес, соттук териштирүүнүн натыйжасына жараша төлөө шарттары киргизилүүдө.



Соттордун аткаруу бийлигинен көз карандысыздыгын камсыз кылууда Сот иштери боюнча улуттук кеңешке орчундуу орун берилүүдө. Бул орган сот системасынын бюджетин бекитүү, бөлүштүрүүнү өзүнүн колуна алмакчы.

Курултайда чыгып сүйлөгөн Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиева жана Светлана Сыдыкова сот системасын реформалоо боюнча жасалып жаткан иштерди жогору баалашты. Бирок алар сот иштери боюнча улуттук кеңештин курамынын кеминде 50% соттордон түзүлүш керектигин жакташты.

-Бирок Кыргыз Республикасынын сот иштер боюнча улуттук кеңешинин курамына ар бир бийлик бутагынан тең бирдей өкүлдөрүнөн түзүлүшү судьялык коомчулуктун терең тынчсыздануусун жаратууда. Улуттук кеңештин курамынын жарымын судьялар түзүш керек деп ойлойбуз,-дейт ЖаҢыл Алиева.


Жогорку Соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмоновдун пикиринде Соттук иштер боюнча улуттук кеңештин түзүлүшү сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоого алып келбейт:

-Ал деле соттордун, судьялардын толук көз карандысыздыгын камсыз кыла албайт. Анткени сотторду ким дайындаса, же ким шайласа сот ошондон көз каранды болуп келген жана боло берет. Сотторду такыр көз карандысыз кылабыз дей турган болсок, анда сотторду шайлоо жолу менен кызматка коюш керек. Эл тарабынан шайланса мына ошондо эч кимден көз каранды болбойт. Элдин алдында жоопкер болот.

Кыргызстан жакында “Миң жылдыктын көйгөйлөрү” программасына кирген. Ал боюнча АКШ өкмөтү менен түзүлгөн келишимди парламент ратификациялып, президент бекиткен.Бул программа Кыргызстандагы сот, тартип коргоо системасын реформалоого багытталып, анын алкагында Кыргызстанга 16 миллион доллар бөлүү каралган. Президент Курманбек Бакиевдин курултайдагы сөзүнө караганда, бул программанын жардамы менен сотторду маалыматтык технологиялар менен камсыздоо маселеси чечилмекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG