Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

ТҮПТӨ ОППОЗИЦИЯНЫ ТАШ БАРАҢГА АЛЫШТЫ


Бийлик тарабынан атайын уюштурулган чагымчылар жөө жүрүшкө келгендерди таш бутага алышып, жумурткаларды ыргытышып, Түп айылынан сүрүп чыгарып жатышканын “Азаттыкка” ошол жерде жүргөн укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери да ошол жерде жүрүшөт. Баш аягы азыр окуя болгон жерде 200дөй адам бар. Оппозиция лидерлеринен ал жерде Мукар Чолпонбаев, Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Эмил Каптагаев, Болот Шерниязов жүрөт.

Саат он бирге карай Түп айылындагы “Акдан” соода борборунун жанына баш-аягы жүзгө жакын адам чогулду. Ошол жерде жүргөн кабарчыбыз Аманбек Жапаровдун айтымында, Бишкектен баргандар таш бараңга алынышты. Маселен, “Алкак” гезитинин баш редактору Айгүл Жумалиеванын башына таш тийип, эки-үч аял анын башына чаап жиберишкен.

Таш бараң учурунда эл арасында жүргөн “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Болот Шерниязов да сабалганын аймактагы кабарчыбыз Рита Нурмамбет кызы кабарлады. Анын айтымында, “Кыргыздар, мени ургула!” деп туруп берген Болот Шерниязовду ажылдагандар аял-эркеги дебей башка-көзгө койгулашкан.

Ошондой эле жаштардын “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү таш бараңга алынып, ал жерден кетүүгө аргасыз болушкан. Алардын артынан кубалашкан. “Акыйкат үчүн” кыймылынын өкүлдөрү да ушундай абалга кабылышкан. Оппозиция муну чагым катары баалоодо.

Бирок ошол жерде жүргөн район акиминин орун басары Ибрагим Жолдошев чагым дегенге кошулбастыгын билдирди. Окуя болгон жерде милициянын 10дон ашуун кызматкерлери жүрүшөт. Анын айтымында, жолугушуу өткөрүүгө эч ким уруксат сураган эмес.

XS
SM
MD
LG