Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

НАРЫНДА ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ ЧЫККАНДАРДЫ МИЛИЦИЯ КАРМАП КЕТТИ


Бүгүн Нарын-Балыкчы багыты боюнча жөө жүрүш баштаган Коомдук парламенттин мүчөсү Урмат Акуновду жана төрт адамды милиция кызматкерлери кармап кетишти. Аларга кошуп “Мунаса” коомдук укук коргоо уюмунун жетекчиси Бакыт Рысбеков да кармалып, ал көрсөтмө бергенден соң бошотулду. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Сейден Мамашев кармалгандардын үстүнөн түштөн кийин соттук териштирүү болорун билдирди.

Урмат Акуновду областтык акимчиликтин алдынан милиция кызматкерлери токтотушуп, анын жөө жүрүшкө мыйзамсыз чыккандыгын эскертишти. Урмат Акунов өз кезегинде тартип коргоо кызматкерлеринин талаптарына моюн сунбай, өзүнүн укугун коргоого аракет кылды. Анын айтымында, жөө жүрүш тууралуу тиешелүү органдарга маалымдама алдын ала берилген. Бирок милиция кызматкерлери бул сөздөргө кулак салбай, аларды автоунаага салышып, шаардык ички иштер бөлүмүнө алып кетишти.

Ошондой эле бүгүн “Ишенбай Кадырбековду коргоо» комитетинин мүчөлөрү да жөө жүрүшкө чыгышмак. Алар топтолуп чыгып, облустук админстрациянын алдына жеткенде бир адамга ондон милиция, омончулар жабышып, баарын кармап, жөө жүрүштү ошол жерден токтотуп калышты. Бул жөнүндө бул окуяга күбө болгон Нарын шаарынын тургуну Асыл Жаманова ызаланып билдирди:

- Жергиликтүү бийликтин бул эмне деп кысканы. Ошону менен биз катыша албай калдык.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул окуяны көрмөксөн, билмексен болуп коюшту. Губернатордун биринчи орунбасары Мирадил Бакашев: «Биздин алар менен эч кандай ишибиз да болгон жок»,-деп жооп айтты.



Кыргыз жерлеринин коңшу өлкөлөргө өтүшү, энергетиканын менчиктештирилиши боюнча нааразылык билдирген оппозицияга тилектеш болуп, бүгүн жөө жүрүшкө чыккан көлдүктөргө кошулуп Нарында да бир топ адам жөө жүрүшкө чыкмак болушкан. Бийликтин кыргыз жерлерин башка өлкөлөргө берип, энергетика тармагы менчиктештирүүгө бет алганы нарындыктардын арасында да катуу нааразылык жаратып жатканын Компартиянын Нарын облустук жетекчиси Таалайгүл Жусубалиева айтты:

- Көп жерлер кетип атат. Электр энергия өткөн бешинчи күнү кол коюлуп, ал да менчикке өтүп кетти. Айрыкча биздин Нарындын өтө татаал климаттык шартында электр энергиясыз жашоо кандайдыр бир туңгуюкка алып барып эле такап койду бизди.

«Ата мекен» партиясынын Нарындагы жаш канаттарынын лидерлеринин бири Эрлан Аскаров жердин сатылышын кыргыз элине, Мекенге кастык катары баалады.

- Элдин мүлкүн кылымдар бою сактап келген биздин жерибизди сатып атканы бул душмандын кылып аткан ишине барабар деп биз жаштар эсептейбиз. Ошондуктан биз мындай жат, терс көрүнүштөргө каршы туруу максатында бардык жаштардын башын бириктирип, бир муштум болуп түйүлүп, акыйкатсыздыкка, калыссыздыкка, мыйзамсыздыкка чабылалы деп турабыз.

Сүрөттөр naryn.kg интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG