Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

КАБУЛДА АСКЕРДИК ПАРАДДЫН МЕЗГИЛИНДЕ ОК АТЫЛДЫ


Ооганстандын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/3093103F-D7FA-49AB-995F-322622AF8E91.asp баш калаасынан түшүп жаткан маалыматтарга караганда, президент Карзай катышкан аскердик параддын мезгилинде бүгүн граната жана ок атылды. Аткылоодон бир киши курман болуп, он бири жараат алды. Жарадарлардын арасында эки депутат да бар экендиги кабарланууда. Кол салу үчүн жоопкерчиликти эки бөлөк согушкер топ алууда.

Бүгүн Ооганстанда 1992-жылы СССР колдогон өкмөттү можахеддер кулаткандыгынын 16 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бирок аскердик параддын мезгилинде ок атылып, министрлер баш болгон дагы башка саясатчылар жана сыйлуу коноктор жерге жыгылып, туш келди качышты.

Ушундан көп өтпөй салтанатты сыналгы аркылуу түз көрсөтүү токтотулду. Парадга келген парламент мүчөсү Мохаммад Салех Салжоки Ассошиэйтед Пресс агенттигине ракета менен атылган эки граната коноктордун жанына келип түшкөнүн, ошондой эле Калашников мылтыгынан тынбай аткылашканын билдирди.

Ок коноктор отурган жерден бир нече жүз метр аралыктагы имараттан атылганы болжолдонууда. Президенттин кеңсеси жасаган билдирүүдө Хамид Карзай, министрлер жана чет элдик дипломаттар аман-эсен экени айтылат. Бирок Коргонуу министрлигинин маалымат кызматы бир киши окко учуп, он бири жарадар болгондугун бышыктады. Ал эми мыйзамгер Абдулла Сулейманхаил Азаттыктын ооган кызматына жараат алгандардын арасында эки депутат бар экендигин маалымдады:

- Төмөнкү палатанын Гардезден шайланган мүчөсү Самкани жана анын кесиптеши Дуод Зазай жараат алды. Бирөөнө ок бутуна, экинчисине көкүрөгүнө тийди.

Коопсуздук кызматтары “Азаттыкка” алты шектүү киши кармалганын маалымдашты. Кол салуудан көп өтпөй, президент Карзай сыналгыдан түз чыгып, буларга токтолду:

- Бүгүн можахед жеңишинин 16 жылдык мааракесинде ооган элинин душмандары салтанатты үзгүлтүккө учуратып, баш-аламан террор уюштурушту. Тилекке жараша коопсуздук кызматтары кол салгандарды тез эле курчоого алып, айрымдарын колго түшүрдү. Азыр баары тынч.

АКШнын колдоосуна таянган ооган президентине буга чейин да бир катар кол салуулар болгон.

“Азаттыктын” ооган кызматы менен телефон байланышында талибдердин маалымат катчысы Забихулла Мужахид кол салууну алты талиб уюштурганын, үчөө курман болгонун билдирди. Бирок экс-премьер Гүлбидин Хекматияр баштаган Хезб-е-Ислами фракциясы да жоопкерчиликти өзүнө алды.

Сүрөт bbc.co.uk интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG