30-майда улуттук опера жана балет театрында кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун чыгармачылык кечеси өтөт. Кеченин көрармандары кинорежиссердун жаңы музыкалык композцияларына күбө болушат. Ошондой эле автордун ырларынан жана тасмаларынан турган альбомдун бет ачаары болот.
Бейшемби күнү “Учур”телетеатрынын Ысыккөл жергесине болгон гастролу башталат. Театрдын жетекчиси Шаршебек Шейшеновдун айтуусунда көлдүн бир катар айылдарын кыдырышат. Артисттер көрөрмандарга Мар Байжиевдин “Тил табышкандар” жана Иброгим Содиковдун “Апендинин беш катыны” аттуу комедиясын тартуулашат.
Бишкек шаарынын 130 жылдык мааракесине карата Раззаков музейинде 29-апрелде “Пишпек-Фрунзе-Бишкек” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул туурасында мемориалдык музейлердин жетекчиси Арман Момаханова кабарлады.
2-майда улуттук опера жана балет театрында кыргыз эл артисти, Казакстандын эмгек сиңирген артисти Эркин Касымовдун жеке концерти өтөт.
3-майда улуттук опера жана балет театрынын артистери Джордж Бизенин “Кармен” операсын тартуулашат. Анда башкы ролду Алтынай Алибаева жана Садыр Жумашевдер аткарышат.
Бул опера менен катар П. Чайковскийдин “Ак куулар көлү” балети коюлат. Анда башкы партияны опера жана балет театрынын бийчиси Зарина Мухамедина бийлейт.
4-майда улуттук филармонияда “Русская душа” көркөм өнөр хорунун 15 жылдык мааракеси өтөт. Анын алкагында аталган хордун чоң программадагы концерти тартууланат.
Табиятка аяр мамиле жасоо идеясын чагылдырган, жаш эстрада ырчыларынын катышуусундагы “Кайып булак” тасмасы борбордогу Манас кинотеатрында көрсөтүлүүдө.
Орусия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн келген артистердин биргелешкен оюн-зоогу бул жумада да уланат. Программа ишемби жекшемби күндөрү тартууланат деп билдирди кыргыз циркинин кызматкери Клара Таджиева.
Айжан Шаботоева, Бишкек