Дүйшөмбү күнү Нью- Йорктун соода биржасында болгон электрондук сатыкта бир баррель же 159 литр мунайдын баасы 119б,93 долларга жетти. Натыйжада, соңку алты жылда дүйнөлүк базарда мунай беш эсеге кымбаттады.
Бул ирет кара майдын кымбаттоосуна эки жагдай түрткү берди. Биринчиси, Шотландиянын Гренгмаус (Grangemouth) шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү ишкананын айлык маянаны көбөйтүүнү талап кылган жумушчуларынын жекшемби күндөн тартып эки күнгө иш таштоосу. Анын кесепетинен Британия жана эларалык базарга күнүнө 700 миң баррель мунай чыкпай калды. Экинчиси, голландиялык Royal Dutch Shell концернинин Нигериянын түштүгүндөгү мунай боросуна жума күнү жасалган чабуул. Бул «Нигер дарыясынын дельтасын бошотуу кыймылынын» батыштык мунай компанияларга өткөн аптада жасаган төртүнчү чабуулу. Дүйнөлүк базарда жеңил тазаланчу Нигериянын мунайына талап күч. Козголоңчулардын чабуулдарынан улам акыркы жылдары Нигерия кара май өндүрүүнү 25 процентке кыскартууга мажбур болгон.
Талдоочулар шотландиялык жумушчулар иш таштоосун токтокондон кийин мунайдын баасы 120 доллар бойдон кала бериши ыктымал, атүгүл дагы өсөт деп кооптонушат. Себеби, ири мунай өндүрүүчү саналган Нигериядагы козголоңчу топтордун кирешени адилет бөлүштүрүү талабын бийликтер качан аткарары белгисиз.
Андан тышкары, Кошмо Штаттары менен Иран арасындагы өзөктүк чатакка байланыштуу Тегеран дүйнөлүк базарга отун энергиясын чыгарууну токтотуп койот деген коркунуч да мунайдын баасынын жогорулашына өбөлгө түзүүдө. Ирактын мунай өнөр жайы согушка байланыштуу да олку- солку абалда. Башка бир маанилүү өндүрүүчү Алжирде ислам экстремисттеринин коркунучу күчтүү.
Мунайдын баасына экономикасы 10 проценттик кадам менен алга бараткан Кытай менен Индия да олуттуу таасир этүүдө.
Көпчүлүк талдоочулар мунайдын наркына доллардын арзандашы да таасир этип жатканын айтышат. Анткени, инфляциядан чочуган инвесторлор капиталын мунай жана алтын сыяктуу куну качпас товарларга салышат. Бул да баанын өсүшүнө салым кошот.