Олимп оту Пхенянга дүйшөмбү күнү эрте менен Сэулдан келди. Аэропортто аны Кытайдын элчиси, шаар башчынын орунбасары жана Түндүк Кореянын улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү тосуп алышты.
Буга чейин олимп оту бир да жолу Түндүк Кореяда болгон эмес. Бу жолу Жайкы Олимпиада андан калса Пхеняндын эң жакын мыяткери Кытайда өткөрүлөт. Ушул жана башка себептерден улам болсо керек, шамананын Пхеняндагы коноо жүрүшүн өлкөнүн экинчи жетекчиси Ким Ён Нам – парламенттин төрагасы өзү ачты.
Жыйырма чакырымдай аралыкка созулган жүрүш маалында олимп отун Пхеняндын миңдеген тургундары желек-тууларды булгалап, куттуктап тосуп алып, кол чаап коштоп узатып турушту.
Буга чейин бир катар өлкөлөр менен шаарларда, алардын ичинде Лондондо,Парижде, Сан-Францискодо,Токиодо олимп отунун эстафеталары чоң коога-калбалар менен коштолду. Айрым жерлерде коноо жүрүштүн маршруттарын өзгөрткөнгө, коопсуздук чараларын күчөткөнгө, атүгүл эстафетага байланышкан иш-чараларды кыскартканга же токтотконго туура келди.
Түштүк Кореянын борборунда да жекшемби күнү олимп шаманасын алып өткөн жолдордо Кытайдын каршылаштары менен тарапкерлери кагылышты. Кытайды сындап, Тибетти жактаган үч жүздөй киши от алып бараткандардын жолун тосконго, шамананы алардын колунан тартып алганга умтулуп, полицияга каршылык көрсөтүштү. Алардын бири өзүн өзү өрттөгөнгө аракет кылды. Ал эми Кытайды колдогондор Батышты,аларга кошо Түштүк Кореянын бийликтерин Олимпиаданын идеалдарына шек келтирип,жайкы оюндарды саясатташтыргысы келип жатканы үчүн айыпташты.
Нааразылык акциясына катышкандардын бири: “Тибетке же уйгурларга байланышкан проблемалар чечилгенде быйылкы Олимпиаданын салтанаттары алда канча маанилүү ишке айланмак, ушул өңүттөн алганда өзүмдү оңтойсуз сезип турам”,- деп билдирди.
Кытайды колдогондор болсо башкача ойлорун айтышты. Алардын бири мындан 20 жыл мурда жайкы оюндар Сэулда өткөнүн эске салып, быйыл 8-августта Кытайда ачылганы жаткан Олимпиада да тополоңсуз, тынч өтөрүнө ишенерин билдирди.