Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

КАДЫРБЕКОВДУН КАМАЛЫШЫ БОЮНЧА КАРЖЫ ПОЛИЦИЯСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?


Кыргызстандын Каржы полициясы Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Ишенбай Кадырбековго --> http://www.azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/04/F138B236-34C0-4E2A-B497-2EDD77E9678F.asp кызматынан кыянат пайдалангандыгы үчүн айып тагууда. Мурдагы депутат, агенттик жетекчисине жер титирөөдөн жабыркаган айылдардагы мектеп курулуштарына өздүк наркынан эки эсе көп бюджеттик акчаларды жумшагандыгы, Бишкектин өтүмдүү жеринен көп ирет жер участогун алгандыгы үчүн кине коюлууда.

Каржы полициясынын Тергөө башкармалыгынын жетекчи орунбасары Ислам Боров ушул жылдын 16-апрелинде Ишенбай Кадырбековго каршы кылмыш иши козголгондугун, ага негизинен 2005-жылдан 2008-жылдын январына чейинки кызматына байланышкан кинелер коюлуп жатканын маалымдады.

Анын айтуусунда, тез бүтчү мектеп курулушу боюнча тендер өткөрүлгөн эмес. Кайсы курулуш компаниясы бул ишке катышарын, алардын курулуш материалын кайсы жерден сатып алышына чейин И.Кадырбеков өзү тескеген. Жыйынтыгында мектеп курулушунун наркы эки-үч эсе кымбаттап, мамлекеттик акчалар ысырап пайдаланылган.

- Жыйынтыгында бүткөрүлгөн курулуш жумуштарынын наркы 2 – 3 эсе көбөйгөн. Мындан тышкары айта берсек болот, мамлекеттен бөлүнчү каражаттын бир бөлүгүн – 10% акчаны подряддык жумуштарды аткаргандар И.Кадырбековдун өзүнө берип турушкан. Мындан тышкары долбоор заказчысы тарабынан мектеп курулушу кандай жүрүп жатканы текшерилген эмес. Мектептерди куруу, долбоорлоодо көптөгөн каталыктар кетип, курулуш нормасы сакталган эмес. Анын наркы бөлүнгөн акчадан эки эсе кымбатка турган.

Ишенбай Кадырбековдун адвокаты Владислав Лужанский азырынча толук бүтө элек мектеп курулуштары тууралуу алдагыдай бир жактуу бүтүм чыгаруу туура эместигин белгилеп, курулушка бөлүнгөн акчанын 10% “парага” берилгени далилдене электигин айтты.

- Мынабу “откат” деген жаргон. Мыйзамда ал “пара” деп аталат. “Откат” деген абактагылардын оосар сөзү. Мен аны түшүнбөйм. Андай оосар сөздү колдонуш республиканын Каржы полициясына жарашпайт.

Ыкчам бүтчү курулуш материалдарын колдонуу кымбатка турарын “Бишкеккурулуш” акционердик коомунун жетекчиси Аскарбек Молдобаев да ырастады.

- Бизге караганда кымбат. Бат курулганы менен кымбат. Кирпичтен курулганы арзан. Болгондогусу эле эртерээк бүтүр деген сөз. Батыраак бүтүр, үч күндө бүтүрдүм деген сөз. Мен үч ай курсам, мен бир күндө бүтүрөм деген сөз да бул.

Каржы полициясынын Тергөө башкармалыгынын жетекчи орунбасары Ислам Боров И.Кадырбековго коюлуп жаткан айыптардын катарында кайсы бир курулуш компаниясы менен көп кабаттуу турак үйдү курууга келишим түзгөнүн, 33 сотук жерди бекер алып ал жерге көп кабат үй салууга өзүнө өзү буйрук чыгарганын маалымдады.

- Мындан тышкары И.Кадырбеков Жер кодексинин 62-64-берененин 4-бөлүгүн бузуп, жөр участогунан баш тарткан жарандардын жерин өзүнө жаздырып алган. Анын жалпы аянты 33 сотук жер. Бишкек шаарында бир адамга 6 сотук гана жер берилет. Мындан тышкары анын 17 сотук жери бар болчу.

Мына ушул жерге – Бакаев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине алдына машинелер коюлчу көп кабаттуу турак үй салууга агенттиктин директору Ишенбай Кадырбеков жөнөкөй жаран Ишенбай Кадырбековго буйрук чыгарып берет. И.Кадырбековдун жактоочусу В.Лужанский ал жерлерди И.Кадырбеков басып алган эмес, шаар жетекчилиги колун коюп, мыйзам негизинде бөлгөндүгүн билдирди.

- Бул жерлерди бөлгөндө кимдер кол койгон, шаар мэриясынан же райондук акимчиликтен кол коюшкан. Алар кол койгондо кайсы участок, анын аянты канча экенин жакшы билишкен. Ал өзүнө өзү жер бөлө алмак эмес.

Каржы полициясы бул иштин артында эч кандай саясий шек-шыбаа жоктугун ырастаса, И.Кадырбековдун жактоочусу бул атайын заказ менен жасалып жаткан иш деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG