Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

ОРУСИЯДА МАМЛЕКЕТТИК ДУМА МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДЫ КУРЧУТТУ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын Мамлекеттик Думасы «Массалык маалымдоо каражаттары тууралуу» мыйзамга киргизилүүчү толуктоолордун биринчи окулушун жактырды. Толуктоонун авторлору – «Бирдиктүү Орусия» партиясынын өкүлдөрү – кимдир бирөө биле туруп башка бирөөнүн ар-намысына шек келтирип жана баркын кетирүүчү же аброюн бузчу жалган маалымат жайылтканы үчүн мыйзамды жаңы норма менен толуктоону сунушташкан. Бул өзгөрүүдөн кийин маалымат каражаттары, эгерде бир нече жолу ушак-айың материалдарды жарыялагандыгы үчүн жабылууга тийиш.

Орусиянын Мамдумасы массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамга толуктоо киргизип атат. Андай толуктоонун биринчи окулушун 25-апрель күнү жактырды. Ал толуктоо кабыл алынгандан кийин сот чечими менен басылмалар болсун же сыналгы, үналгы болсун жалган жерден бирөөнүн беделин түшүргөн макала жарыялагандыгы үчүн жабылууга тийиш.

Анализчилер баамында мындай толуктоону аткаминерлер өз саясий максаты үчүн кабыл алдырып атышат. Ал сунушту «Бирдиктүү Орусия» партиясынан шайланган депутат, жакынга дейре Кремлдик жаштардын «Биздикилер» кыймылынын жетекчиси болуп жүргөн Роберт Шлегель киргизген.

Кызык жери, ал долбоор февраль айында өкмөттө каралып, мыйзам болууга жарабайт деген баа алган. Бирок бул күндөрү ал капилеттен эле Мамдумада кайра карала башташын байкоочулар жакында «Московской корреспондент» гезитинин президент Путин менен белгилүү гимнаст Алина Кабаеванын арасында жакындык жагы бар экен деген макаланын жарыясынан кийин пайда болду дешет.

Өткөн аптада Италияда жүрүп орусиялык жетекчи андай маалыматка катуу теригип кеткен эле. Ошонун эртеси ал гезит жабылып калган.

Сыналгы, үналгы боюнча улуттук изилдөө борборунун жетекчиси Алексей Самохвалов айтканга караганда, бийлик кийинки учурда маалымат каражаттарына чек коюуну күчөттү. Жакында эле рекламага тыюу салынган, андан соң жер жүзүндө эч бир бийлик жасап көрө элек интернетке тыюу салуу демилгесин көтөргөн. Эми басылмалар менен сыналгы, үналгыга чек коюуну карай башташты.

-Эгерде гезит журналдар макаланы жарыялоодон тартынышса, анда редакциялар юрист жалдап алдын ала каратууга аргасыз болушат. Чындыгында алар кадимки эле цензура жүргүзгөн ишти жасоого мажбур болушат, - дейт Самохвалов.

Орусиядагы азыркы учурдагы соттун бийликтин көзүн карап иш жүргүзүүсүн эске алганда, айрыкча аймактардагы көптөгөн гезиттер жабылат дейт орусиялык Журналисттер союзунун жетекчилеринин бири Федотов:

-Губернатор же мэрге жакпаган эле сөз «билип туруп жамантты кылуу» болуп эсептелип калат.

XS
SM
MD
LG