Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Ж.КАНИМЕТОВ: КУРУЛТАЙДА НЕГИЗИНЕН ЭКОНОМИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР КАРАЛАТ


Бүгүн “Ак жол” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/D0640241-0124-4CF6-AC20-D0005EDC2379.asp партиясынын 3-курултайы өтүп жатат. Партия Кыргызстандагы эң жаш, ошол эле мезгилде таасирдүү партиялардын бири катары саналат. Партия президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен өткөн жылы парламенттик шайлоо алдында түзүлгөн. Анда бул партия 71 мандатка ээ болгон. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысына аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Жангороз Каниметов маек куруп берди.

-“Ак жол” партиясы бүгун президент К.Бакиевдин катышуусунда курултай өткөрүп, социалдык-экономикалык маселелерди талкуулайт деген кабар алдык. Курултайдан кандай чечимдерди күтсө болот?

-Курултайда жакшы чечимдер болот деп ойлойм. Негизги эки маселе каралып жатат. Биринчиси – партиянын бүгүнкү күндөгү ишмердиги, экинчиси – алдыдагы чоң милдеттер, негизги экономикалык өнүгүү маселеси. Билесиздер, январда президенттин Жогорку Кеңешке жана өкмөткө билдирүүсү болгон. Ошонун негизинде атайын жаңы экономикалык саясат деген алты багыттагы программа иштелип чыкпадыбы, ошол боюнча биз партиянын негизги багыттарын аныктайын деп жатабыз.

Бүгүнкү күндөгү экономикалык багыттарды өнүктүрүү боюнча, энергетика тармагы, айыл чарба, билим берүү ушул сыяктуу алты негизги багыт каралат. Андан сырткары президенттин катышуусу дагы күтүлүүдө. Андан кийин элге кайрылуу жасайбыз.

Бүгүн саат 9да делегаттар менен премьер-министр Игорь Чудиновдун кездешүүсү болот. Аны “Ак жол” партиясы көрсөтпөдү беле. Өкмөттүн иштери, баанын кымбатташы, мына ушул боюнча суроо-жооп болуп, көп маселелер каралат. Экинчиден, үч багыттагы секциялар ишке ашырылат. К.Бакиевдин экономикалык өнүгүүлөр боюнча багыттары каралып, экинчиден, президум түзүү тууралуу уставга өзгөртүү киргизели деп жатабыз. Мына ушул боюнча чоң талкуулар болот.

-Учурдан пайдаланып, бир суроо бергим келип турат. Азыр коомчулукта бийликтин партиясы катары белгилүү болгон “Ак жол” бүгүн канчалык деңгээлде мамлекеттик каржылоого муктаж? Себеби менин сурайын дегеним, саясий партиялар жөнүндөгү жакында парламентте бир мыйзам долбоору иштелип жатат. Ошол жерде көпчүлүктү түзгөн партияны каржылоо каралып жатпайбы. Муну байкоочулар айтып жатат, “Ак жолго” байланыштуу түзүлүп жатат деп.

-Эми муну туура түшүнүш керек. Биз дүйнөлүк практикадан алып караганда ойлор болгон. Мен дагы сунушум бар эле. Дүйнөлүк практикада Түркия, европалык мамлекеттерди жалгыз эле жеңүүчү партия эмес, негизги партияларга мамлекеттен каржылоо, тең өстүрүү боюнча деп. Ал эми биз бүгүн мүчөлүк акылардын негизинде, спонсорлордун жардамынын негизинде биз мындай деле талап кылбайбыз. Анткени бизде аты аталгандай эле элдик партия.

Бизге мындай чоң чыгымдардын кереги жок. Биз деле бүгүн шаан-шөкөт кылып, мурунку “Мекеним Кыргызстан” сыяктуу чоң акцияларды өткөргөн жокпуз. Анын бардыгына каржы керек. Ошон үчүн биз элдин ичинде болуп, элге негизги саясаттарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

-Бизге жаңы эле маалымат келип түштү. Эл аралык “Фридом Хаус” уюму билдирүү жасап, анда Кыргызстанда сөз эркиндиги артка кетти деп айтып жатышат. Мындай тыянакка сиздин көз карашыңыз кандай?

-Сөз эркиндиги дүйнөдөгү баалана турган принципиалдуу багыттардын бири, чынын айтыш керек. Кечээ ушундай болду деп эле, бүгүн сөз эркиндиги кыскарып калды деген жерим жок. Мына сиздер деле каалагандай сүйлөп жатасыңар, “Агым”, “Де-факто” гезиттери өз ойлорун билдирип жатат.

Мен ойлойм, мындай деле кысым болгон жок. Мына мен өзүмдү алсам деле, Каркыра, пансионаттарга өзүмдүн каршы пикиримди билдирдим. Эч ким куугунтуктаган жок. Ошон үчүн бул жерден жөнөкөй нерсени чыгаруу туура эмес деп ойлойм. Мындай нерсе болушу мүмкүн эмес.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG