Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

"АКЫЙКАТ ҮЧҮН" КООМДУК КЫЙМЫЛЫНЫН БИЛДИРҮҮСҮ


"Акыйкат үчүн" кыймылы Түп айылында 26-апрелде жөө жүрүш акциясына каршы тукурук жасалып, тынч акциянын катышуучулары ур-токмокко алынган окуяны айыптап, зордук-зомбулук фактылары боюнча ачык тергөө жүргүзүп, чара көрүүнү Башкы прокуратурадан талап кылган билдирүүсүн жарыялады.

"Ыйык жерди сактоо" коомдук комитети тарабынан 2008-жылдын 26-апрелинде Түп айлында жергиликтүү калк менен жолугушуу белгиленген эле. Бул жолугушуунун максаты Каркыра жайлоосундагы жер участкасын жана төрт пансионатты Казакстанга берүү маселеси боюнча туура маалымат берүүнү талап кылуу болгон.

Белгилүү болгондой, тийиштүү макулдашуулар шашылыш ратификацияланып, өлкөнүн калкы тургай, Жогорку Кеңештин депутаттары да ынанымдуу жүйөөлөрдү ала албай коюшкан. Парламенттеги коммунисттер менен социал-демократтардын бир добуштан ратификациялоого каршы болушу, жадагалса "Акжолдун" да Ысыккөл аймагынан депутаттарынын добуш бербегендиги муну айгинелеп турат.

Бирок ошого карабастан, ЖКнын спикери А.Мадумаров баш болгон „Акжол“ партиясы ойлонбостон добуш берүүчүлөрдү пайдалануу менен аларга керектүү чечимди кабыл алып берди.

Бул факт патриоттук маанайдагы жарандардын бардыгын кабатырлантты. Ошондуктан „Акыйкат үчүн“ коомдук кыймылынын координациялык кеңеши „Ыйык жерди сактоо“ коомдук комитетинин демилгесин колдоого алуу жөнүндө чечим кабыл алып, кыймылга кирген бардык саясий партиялар жана коомдук уюмдар өз өкүлдөрүн тынчтык акциясына катышуу үчүн Түп айлына жиберишти.

Өткөрүлүп жаткан акция жөнүндө бийликке алдын ала билдирилген, жолугушуу тынчтык маанайында жана мыйзамдуу экендиги аларга белгилүү болгон. Бийлик тарабынан компетенттүү адамдар жолугушууга катышат жана өз жүйөөлөрүн айтышат деп болжолдонгон эле. Балыкчы тарапка жөө жүрүшкө чыгуу жана жолдогу айылдарда жергиликтүү калк менен жолугушуп, өлкөдөгү саясий жана экономикалык кырдаал жөнүндө туура маалымат берүү белгиленген.

Укук тартибин сактап, жарандардын тынчтык жыйын өткөрүүгө, сөз эркиндигине жана өз эркин билдирүү эркиндигине карата конституциялык укуктарын камсыз кылуунун ордуна бийликтегилер кылмыштуу элементтерди, албууттанган аялдарды, ошондой эле айылдыктарча кийинип алышкан милиция кызматкерлерин жана жергиликтүү айрым чиновниктерди пайдалануу менен ыймансыз провокацияларга жана мыйзамсыз аракеттерге барды.

Жергиликтүү чиновниктердин кагылышууларды, тартипсиздикти уюштурууга аракеттенип жатышы жана алар бардыгына даяр экендиги көрүнүп турду. Жогорку Кеңештин чечимин Ысыккөл областынын көпчүлүк калкы колдобой турганын бийлик жакшы билген жана ошондуктан алар каршылык көрсөтүү акциясын кандай гана болбосун токтотуу максатын көздөгөн.

Өз жоопкерчилигин сезүү жана бийликтин провокациялык аракеттеринин кесепеттерин түшүнүү менен „Ыйык жерди сактоо“ коомдук комитетинин штабы тынчтык акциясын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Түп районундагы 26-апрелдеги окуялардын жыйынтыгын чыгарып, биз Ысыккөл областынын жана Ички иштер министрлигинин чиновниктеринин аракеттери жоопкерчиликсиз жана мыйзамсыз экендигин билдиребиз. Өздөрүнүн чиновниктик креслолорун сакташ үчүн алар тынч жарандардын канын төгүүгө да даяр болчу. Тынч жөө жүрүштүн катышуучуларына карата зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча ачыктан-ачык чакырыктарга журналисттер жана эларалык укук коргоочулар күбө болушту. Анысынан да, күбөлөрдүн көзүнчө эле жүзүкаралык менен алар укук коргоочулар менен журналисттерге да кол салышып, Балбай айлына кырдаалга байкоо жүргүзүү үчүн келген укук коргоо уюмунун өкүлү С. Аргымбаевди да сабап салышкан. Ал каршылык көрсөтүү акциясына катышуучулардын катарына кирген эмес. Укук коргоочунун денесине оор жаракаттар келтирилген. Ур токмокко алуунун ыплас кадрлары телекөрсөтүү каналдары боюнча көрсөтүлдү.

Биз Президент К. Бакиевден жана Башкы прокуратурадан бул мыйзамсыздык жана ур токмокко алуу фактысына ачык тергөө жүргүзүүнү, тынч жарандарга карата зордук-зомбулук көрсөтүүнү уюштургандарды жана аткаргандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылабыз.
Биз эларалык коомчулукка Кыргыз Республикасында болуп жаткан окуяларга, ошондой эле биздин өлкөбүздө БУУнун Адам укуктары боюнча конвенциясы менен ОБСЕнин документтери боюнча милдеттенмелердин одоно бузулуп жаткандыгына объективдүү баа берүү өтүнүчү менен кайрылабыз.

Акциянын катышуучулары мыйзамсыздык боюнча бардык далилдерди келтирүүгө даяр. Биз коомчулукка „кайдыгер болбогула“ деген чакырык менен кайрылабыз. Өлкөбүздүн эгемендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү коркунучта калды, улуттун таламдары барган сайын башкалардын кызыкчылыктары үчүн курмандыкка чалынууда, кезекте Токтогул ГЭСтеринин каскады баш болгон бүткүл энергетикабыз, кен байлыктарыбыз турат.

Баткен, Ош жана Жалалабат областтарындагы чегара аймактары боюнча кырдаал өзгөчө кабатырланууну пайда кылууда. Өз жерибизди башкаларга бере берүү Кыргыз жеринин кыйла бөлүгүнөн ажырап калууга жана өлкөнүн ыдырап кетүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Өлкөбүздүн бүтүндүгүн жана мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө – биздин максатыбыз!"

XS
SM
MD
LG