Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

Аба ырайы: Кыргызстандын айрым аймактарында жамгыр жаайт


Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 30-апрелде күндүз Кыргызстандын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен мелүүн жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Талас, Чүй аймактарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +17...+22 градус.
Баткен облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25 градус.
Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26 градус.
Ал эми Ысыккөл менен Нарын аймактарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүз +20...+25 градус.

XS
SM
MD
LG