Партия төрагасынын орун басары Элмира Ибраимова мунун зарылдыгын партиянын уюштуруу ишин бекемдетүү максаты менен байланыштырды. Анын курултайда сүйлөгөн сөзү боюнча партиянын жер-жерлердеги кеңселерин камсыздоого, автоунаа жана башка чыгымдар да материалдык жактан камсыздоону талап кылат. Курултайда айтылган маалымат боюнча ушул тапта “Ак Жол” партиясынын 220 миңден ашуун мүчосү бар.
“Ак Жол” партиясы өткөн жылы ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында президент Курманбек Бакиевдин жетекчилиги менен түзүлүп, анын катарына негизинен бюджеттик кызматта иштегендер кирген. (ZKo)
“Ак Жол” партиясы өткөн жылы ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында президент Курманбек Бакиевдин жетекчилиги менен түзүлүп, анын катарына негизинен бюджеттик кызматта иштегендер кирген. (ZKo)