Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

ЖАЛАЛАБАТ: БИЙЛИК БАШ КӨТӨРГӨНДҮ БАСА КАЛГАНГА КЫНЫК АЛУУДА


Жалалабат облусунун тургундарынын арасында көлдөгү жөө жүрүштү кубаттагандар да, ага каршы чыккандар да бар. Жөө жүрүштү колдогондор кеңеш доорунда коңшуларга убактылуу пайдаланууга берилгендей болуп, Казакстан ижарага алмакчы болуп жаткан пансионаттар 49 жылдан кийин алардын менчигине өтүп кетпейт бекен деп чоочулашат. Расмий бийлик өкүлдөрү Түптөгү жөө жүрүш --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/CF85A8DC-C754-4D7D-A300-6618962A0448.asp жана ага каршы көрүлгөн иш-чараларга байланыштуу азырынча эч нерсе айталбай тургандыгын билдиришти. Коомдук парламенттин облустагы өкүлүнүн көз карашында бийлик жөө жүрүшкө адамдарды тукуруу менен парламенттик шайлоодо кетирген кемчиликтерин далилдеп койду.

Облустун Көкжаңгак шаарынын тургуну Перизат Исмаилова Түп районунда болгон жөө жүрүштү туура көргөнү менен “кыргыз-казак чегарасына мурда кол коюшкан” деп, экс-парламенттин оппозициячыл депутаттарына нааразы болду. Анын айтымында, “Кемпирабат” суу сактагычы, Сох, Шаймардан анклавдары, Маданият, Бүргөндү айылдары да адегенде убактылуу иштеткени берилген болуп, Советтер союзу ыдырагандан кийин коңшулардын менчигине биротоло өтүп кетти.

“Мындай тагдырга көлдөгү пансионаттар да туш болуусу ыктымал. Эшимканов башында турган УТРК туура эмес көрсөтүп жатат, пансионаттарды өз элибиз иштетсе болбойт беле?” - деген оюн айтты, уулу Ооганстанда курман болуп, калган он бир баласына жер алалбай жүргөн “Баатыр эне” Перизат Исмаилова:

- Каркыра жайлоосун, төрт пансионатты ижарага өткөрүп атат дегенди укканда бул жактагы элдин деле кыжыры кайнайт. Себеби биздин Кыргызстандын адамдары Казакстанга барып кул болуп атса, кандайча жерлер казак тарапка өтөт? Биздин өзүбүздүн Кыргызстандын жарандары иштеш керек. Алар пансионатты ижарага алышса алышсын, жанына курулуш куруп алып туруп Советабаддай кылып кийин сатып алышса туура эмес. Пансионатты курдубу, кайсы мамлекет дубал курдубу, көчүрүп алып кетсин, жерибизди коюп койсун.

Түптөгү жөө жүрүшкө байланыштуу ой-пикирин сураганыбызда, губернатордун орунбасар, бөлүм башчылары, тармактык жетекчилер көз-караштарын кийинчерээк билдирмек болушту. Oблбийликтин социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо бөлүм башчысынын орунбасары Абдулла Камбаров жөө жүрүшкө каршылыкты кимдир-бирөөлөр уюштурганын белгилеп, ындык менен патриоттуулук болгон тарапты колдоорун ортого салды:

- Эгерде уюштуруучулук болбосо, бийлик тартипти гана сактаган болсо чындыгында мындай иштер болмок эмес. Мындай жөө жүрүш, башка болбосун биз ар бир улуттук, ар бир жердин, элдин патриоту гана болушубуз керек. Кайсы тарапта патироттук сезим менен кайсы гана жолго барбасын, мен ошол тарапты колдойм.

Парламенттик топ Каркыра жайлоосунда болуп, жергиликтүү калк менен пикирлешкенден кийин Жогорку Кеңеш кыргыз-казак чегарасын бекитип, ага президент кол койгон. Эми чуу салуунун кереги жок. Жер тагдырын оппозицияга караганда жергиликтүү калк жакшы билет. Ушундай көз караштагы Улуттук жазуучулар биримдигинин облустагы төрагасы Асанбай Жусупбеков казак туугандар менен ынтымакта жашоо зарылдыгын белгиледи:

- Алар кимдер өзү? Алар козголоңчулар, бийлик талашкандар, бийликке жетпей жүргөндөр. Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун айтканына караганда тескерисинче биз аларды уттук. Көп жерге ээ болуп атабыз. Бизге тынччылык, элдин биримдиги керек.

Жөө жүрүшкө адамдарды тукуруп, каршылык акцияларын уюштуруу менен бийлик парламенттик шайлоодогу каталыктарын далилдеп койду. Коомдук парламенттин облустагы өкүлү Ильич Нарматовдун ою боюнча “акжолчу” айрым депутаттар айткандай, Каркыра менен пансионаттар Казакстанга экс-президент Аскар Акаевдин доорунда берилген болсо, анда ал маселеге тиешелүү кызмат адамдары, депутаттар элден кечирим суроосу абзел:

- Түптөгү жүрүшкө каршы чыккан адамдарды бийлик атайын уюштуруп чыгарган. Кыргыз элине кылган чыккынчылыгын жашырыш үчүн ар кандай адамдарды тукурушуп, жерлерди саткандыгын элге жеткирбестен, бардык бийликти өздөрүнүн колуна кармап туруш жолдорунун акыркы ыкмалары деп ойлойм. Муну менен бийлик өзүнүн алсыздыгын дагы бир жолу көрсөтүп жатат. Шайлоодогу туура эмес кылган иштерин элге өздөрү мына биздин жүзүбүз деп көрсөтүп жаткан чагы деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG