Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:28

ТАЖИК ПАРЛАМЕНТИНИН МАЙНАПСЫЗ ТАЛКУУДАН БАШЫ ЧЫГА ЭЛЕК


Тажикстанда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/E8C0805E-4AED-4C64-B749-AF69B472E042.asp Кыргызстандагыдай парламентте бир партия – бийлик партиясы үстөмдүк кылат. Айрымдардын шектенгени, парламент президенттин сөзүнөн чыга албагандыктан, олуттуу маселелерди көтөрө албайт. Натыйжада депутаттар ачарчылык коркунучун эмес, жеңил машиналардын терезесин караңгылатып алган туурабы, же жокпу деген сыяктуу жеңил-желпи маселелер менен алек. Ал эми эл сууктан кайыгып, ачка калган өткөн кышта парламент "сыйкырчы жезкемпирлерге тыюу салууну" талкуулаган. Мындай парламентке элдин мамилеси да арыдан бери экендиги таң калтырбайт.

Өткөн аптада үч саатка созулган кызуу талаш-тартыштардан кийин тажик парламенти жеке менчик унаалардын терезелерин караңгылатып алууга салынган тыюуну күчүнөн кетирди.

Тажикстанда ар бир 12-15 түтүнгө болгону бир машина туура келет. Ошого караганда деле, тажиктердин көбү терезенин өңүнө эмес, кыштагы каатчылыктан кийин эми азык-түлүк баалардын өсүшүнө жана энергия кубатынын тартыштыгына камтама.

Бул тууралуу көз карандысыз саясий баяндамачы Тохир Абдужаббор Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөй эле Тажикстанда да парламент президенттин кол баласынын гана ролун ойной тургандыгын белгилеп, буларга токтоду:

- Өлкөдө курч маселелер бар, бирок биздин саясий жетекчилер аларды талкуулоодон качат. Анткени олуттуу көйгөйлөргө көңүл бура баштаса, көпчүлүккө өкмөттүн колунан иш келбей жаткандыгы айгине болот. Ошондуктан, депутаттар жеңил-желпи маселелерди козгоп, эл үчүн жанын кыйнап иштеп жаткандай көрүнгүсү келет.

Тажикстандын Коммунисттик партиясынын жетекчиси жана парламенттин мүчөсү Шоди Шабдолов машинанын терезеси маанилүү суроо экендигин, анткени караңгылатылган терезелер машина ээлеринин укуктарын бузаарын билдирди.

Бирок Шабдолов, Борбор Азиянын башка мамлекеттериндегидей эле, тажик парламентиндеги азчылыкты түзгөн депутаттардын колунан эч нерсе келбей тургандыгын мойнуна алды:

- Бийликтеги Элдик-демократиячыл партия парламентте абсолюттук көпчүлүктү түзөт. Исламдык кайра жаралуу партиясынан болгону эки киши, менин партияман төрт депутат барбыз. Биз көтөргөн маселелер эч качан жактырылбайт. Биздин сөзүбүз суу кечпейт. Ошондуктан, биздин сунуштар жарым-жартылай кабыл алынса, ошого ыраазыбыз.

Шабдоловдун ишениминде, бүгүн парламент эң курч турган үч маселени – энергетика кризисин, жумушсуздукту жана тамак-аштын кымбатташын талкуулашы керек эле.

Парламенттин алсыздыгы анын эл арасындагы аброюна да шек келтирип жаткандыгы таң калыштуу эмес. Сохд дубанынынын 31 жаштагы тургуну, кесиби дарыгер Абдурауф парламентти элге тийешеси жок, өлкө үчүн кереги болбогон орган деп эсептейт. Ошондуктан, ал саясатка көңүл деле бурбайт:

- Чынын айтсам, мен өлкөдөгү саясатка эч качан көңүл бурбайм, парламентте эмне болуп жатканы менен ишим да жок. Мамлекеттик теледен парламенттин сессиясын көрсөтүшөт, мен аны эч качан көрбөйм деле.

XS
SM
MD
LG