Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

ПРЕЗИДЕНТ “АК ЖОЛГО” АК ЖОЛ КААЛАДЫ


Аманбек Жапаров, Бишкек Мурдагы парламент экономикалык, социалдык багыттагы мыйзам долбоорлорун убагында кабыл албай өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып келгенин президент Курманбек Бакиев “Ак жол” партиясынын курултайында билдирди. Анын айтымында, “Ак жол” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/12/4C691940-250F-4D9E-B519-3E2D5AD569D0.asp фракциясы аз убакыттын аралыгында маанилүү мыйзамдарды кабыл алып, саясий туруктуулукту камсыз кылды. Ал эми оппозициядагы саясатчылар парламенттеги бийликтин партиясынын айткан убадалары менен жасаган иш-аракеттери дал келбей, эл ичинде ишенимден кетип баратканын айтышууда.

Бийликтин «Ак жол» партиясынын III курултайында сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев мурдагы парламенттин иш аракеттерин сынга алып, өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасир тийгизди, деп айыптады:

- Парламент өкмөттүн бардык демилгелерин, жолун тосуп салган шартта биз шашылыш чараларды жүзөгө ашырууда кыйынчылыктарга дуушар болдук. Өкмөт менен парламенттин ортосунда кандай гана тирешүүлөр болуп турду. Жалаң таза экономикалык мыйзамдарды алып барса деле саясатка айландырып, канча тоскоол болду. Канча убакытты текке кетирдик.

Президенттин мындай пикирине Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев каршы. Анын айтымында, мурдагы парламент тескерисинче бийликтин жүргүзүп жаткан туура эмес саясаттына караманча-каршы болуп келген:

- Мурдагы парламент принципиалдуу түрдө Бакиевдин, Акаевдин жүргүзүп жаткан саясатына каршы болуп келген. Стратегиялык тармактарды, мамлекетте коомдук жүктү тарта турган экономикалык тармактарды коммерциялаштырган принциптерине каршы болуп өз пикирин айтып келген.

Текебаев белгилегендей үч жыл мурда Каркыра жайлоосундагы жана башка жерлердин коңшу мамлекетке берилишине, энергетика тармагын менчиктештирүү маселесине каршы болуп келген “Ак жол” партиясынын лидерлери, аталган партия менен депутат болуп келгендер көз караштарын теңирден-тескери өзгөртүп, туура эмес саясат жүргүзүшүүдө. “Ак жол” фракциясынын парламентке келиши менен саясий эркиндикке, сөз эркиндигине кысым жасалып, адам укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүнүн ордуна, ар кандай жол менен коркутуп-үркүтүүлөргө жол берилүүдө, дейт Текебаев.

Ал эми курултайда сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы Курманбек Бакиев “Ак жол” партиясынын парламентке келиши менен өлкөдө саясий туруктуулук орноп, парламентте бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынып, өкмөттүн күрдөөлдүү иштешине шарт түзүлдү:

- Азыр бир дагы облус жок жол оңдолбогон, мектептер курулбаган, мектептер оңдолбогон. Спорт аянттары, ФАПтар оңдолбогон. Иши кылып бүгүнкү күндө бир дагы облуста мобул тармак каралбай калды деп айтыш кыйын.

Нарын облусунан келген делегат Жолдош Жакыпов болсо “Ак жол” партиясы аймакта эл ишенимине кирип алгылыктуу иш алып барып жатканын белгилеп, айыл өкмөттөрүнө азыркыдай камкордук совет биримдиги кезинде да болгон эмес, деген көз карашын айтты.

Президент Курманбек Бакиев “Ак жол” партиясы аз убакыттын аралыгында эл ишенимин актай ала тургандыгын далилдегенин, мындан кийин партиянын мүчөлөрү коркпой-үркпөй чечкиндүү чара көрүүсү керектигин айтты. Ал өкмөттү жана губернаторду партиянын идеяларын ишке ашырууга чакырды.



Президенттен мурдарак сөз сүйлөгөн партиянын төрагасынын орун басары Элмира Ибраимова эл ишенимине кирген элдик “Ак жол” партиясы мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү, элдердин бакубат жашоосу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын баса белгиледи. Ал партиянын уюштуруу иштерин бекемдөө жана аймактагы бөлүмдөрдү күчтөндүрүү үчүн “Ак жол” партиясынын кызматкерлерине мамлекеттик кызматкерлер менен катар айлык акы төлөп берүү зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, учурда өлкө аймагында партиянын мүчөлөрүнүн саны 220 миңге чукулдап калды.

Белгилүү саясат таануучу Марат Казакбаев болсо саясий партиялар тууралуу ар кандай жыйындарга, коомдук угууларга “Ак жол” партиясы көп катышпай, Ак үйдүн эле көрсөтмөсү менен иштеп калганын айтты:

-Көп эле өткөрүлүп жаткан семинар, конференцияларга келбей жатышы менин оюмча “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү, өзгөчө парламенттеги депутаттар сын-пикирди кабыл алуудан, өз ой-пикирин эркин айтуудан коркуп атышат. Булар элди карабай өздөрүнчө эле иштеп жатышат. Же Ак үйдөн көрсөтмө болуп атабы. Айтор “ Ак жолдун” жүзү көрүнбөйт.

Казакбаев бийликтин “Ак жол” партиясы курулай ураан чакырунун ордуна карапайым калкка жакын болуп, алардын көйгөйлөрүн жеринде чечип, элдин нукура жашоосуна көңүл бурбаса, жакын арада кадыр-баркы кетерин кошумчалады.

«Ак жол» партиясынын III курултайына аймактардан эки жүздөн ашуун делегат, парламент депутаттары, өкмөт курамы, губернаторлор катышты. Курултайдын күн тартибинде өлкөнүн экономикалык өнүктүрүү программасын жана партиянын уставын өзгөртүү маселеси каралды.

XS
SM
MD
LG