Мындай маалымат АКШ мамлекеттик департаментинин жылдык баянында жарыяланды. Баяндамага ылайык Сирия, Түндүк Корея, Куба жана Судан өлкөлөрү да терроризмди каржылаган мамлекеттердин катарында. 2006-2007- жылдар аралыгында Ооганстанда террорчул чабуулдардын саны ырбап, 16 пайызга өскөн. Бул көрүнүш Пакистан үчүн да мүнөздүү. Ал эми Иракта, тескерисинче, экстремисттик иш-чаралар азайган, бирок баары бир дүйнөлүк терроризмдин 60 пайызы ушул өлкөгө таандык.