Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

МОНИКА ЛОВИНЕСКУ – МИКРОФОНДУУ ЖООКЕР


Амирбек Усманов, Прага 21-апрелде Чыгыш жана Борбордук Европадагы тоталитардык бийликтердин тайманбас сынчыларынын бири, адабий сынчы жана журналист Моника Ловинеску 85 жаш курагында о дүйнөгө тартты. 1964-92-жылдары «Эркин Европа/Азаттык» радиосунда румын кызматында эмгектенген Ловинескунун берүүлөрү Румыниядагы --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/06/7369BC25-5CB8-46B5-B97C-4FDAEF44C156.asp коммунисттик режимге каршы турган интеллектуалдарына чоң дем берип турган. Ал Николае Чаушеску башындагы коммунисттик режим элге көрсөткөн кордукту нацистердин кылмышы менен салыштырган. 1977-жылы Чаушескунун буйругу менен Ловинеску катуу ур-тепкиге алынып, араң айыккан. Бирок микрофонду калтырган эмес.

Адамдардын маданий, саясый табитин каалагандай тескеп, сөз эркиндигин душманындай көргөн Никалае Чаушеску төбөсүндөгү режим Моника Ловинескунун адабий берүүлөрүнөн безге сайгандай чочутуп да, коркуп да турчу. Ал румын интеллектуалдарын Альберт Камю, Жорж Оруэл, Лешек Колаковский, Жан Франсу Ревел, Николай Солженицин сыяктуу ойчул жазуучулардын эмгектери менен тааныштырып, эркин ойлоого, бийликтин кулу болбоого үйрөткөн. Ачык полемика чакырган.

- Моника Ловинеску сыяктуу кажыбас аялдар болгон үчүн Румынияда оппозиция менен диссиденттердин кубаттуу үнүн эл кайсы бир деңгээлде угуп турганы анык. Ловинеску болочок муун үчүн сөз эркиндигинин үлгүсү болот, - дейт франциялык саясат таануучу Эдит Ломел.

Америкалык сынчы Леонел Триллингдин баамында, Ловинескунун радиоберүүлөрү «адабият менен саясат кездешчү кан майдан» болгон. Ал эми калемгер-журналисттин өз берүүсү тууралуу мындай деп айтканы бар:

-Менин программама эмне мүнөздүү? Анда талкуу болсо, эстетика, этика же саясат кошо жүрөт. Коммунисттик режим астында жашаган румын же башка улуттагы жазуучу жөнүндө кеп кылганда, эстетикалык критерийди сөзсүз колдонуу зарыл. Бирок жумуш саясат менен идеологиянын толкуну астында калганын эске албай коюуга болбойт.

Моника Ловинеску утурумдук турмушка азгырылып же бийликтин ыкласына жетеленип болочок муун, акыл-эс алдындагы жоопкерчиликти унутпоо зарыл экенин саясый элита менен интеллектуалдардын эсине астейдил салып турган. Андай бир фактыны АКШдагы Мэриленд университетинин профессору Владимир Тисманену айтып берди:

-1968-жылы Моника Ловинеску «Эркин Европа» радиосунан: «Ар бир улуттун руханий жашоосу анын акыл-эсине негизделет. Каар заманда акыл-эс гана улутту сактап калат» деп айткан. Башка бир румын ойчулун колдой Моника Ловинеску өч алууну эмес, акыл-эс адебин (этикасын) сунуш кылаган.

2006-жылы Румыниянын президенти Троян Басеску парламентте сүйлөп, мурдакы коммунисттик режимди мыйзамсыз жана кылмышкер деп атайт. Бул сөз парламенттеги Чаушескунун жорочуларына жакпай, алар президентти сүйлөтпөй чуу чыгарышат. Ошондо Моника Ловинеску «Чуу чыгарганы эч нерсе эмес. Чындык айтылды. Жеңиш биздики!» деген экен.
XS
SM
MD
LG