29-апрелде “Ата мекен” партиясынын Таластагы мүчөлөрү Ысыккөлдөгү жөө жүрүштө айрым бир адамдар тарабынан таяк жеп жабыркаган “Ата мекен” партиясынын лидерлерин, анын ичинде Болот Шерниязовду колдоп кол чогулта башташкан. “Ата мекен” партиясынын Таластагы лидери Акмат Дооронбековдун айтымында бүгүнкү учурда кол койгон адамдардын саны 700гө жетти:
- Баш прокуратурага алып баруу үчүн кол топтоп, иш күндөрдө жеткирип берүү максатын көздөп турабыз. Бүгүнкү учурда 700дөн ашык кол топтолду, бул иш дагы жүргүзүлүп атат. Элдер активдүү катышып нааразылыктарын билдиришүүдө.
Эгер жөө жүрүштө “Ата мекен” партиясынын лидерлерине кол салган адамдар табылып жазага алынбаса жакынкы арада ар кандай нааразылык акциялар болоорун Акмат Дооронбеков өз сөзүндө кошумчалап кетти:
- Бийлик элдин талабын орундатып, жыйынтыктуу иш чараларын көргөзүп далилдегенге бийликтин саясий эрки жетеби? Бул маселе чечилбесе биз ар кандай акцияларды уюштурууга, Коргоо комитетин түзүп алып туруп, ошонун ишин жандандырууга аракет кылмакчыбыз. Бул ишке бул бойдон бийлик тарабынан, же ички иштер органдары тарабынан чекит коюлмайынча аракет кылмакчыбыз.
Талас облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Касым Чаргынов дыйканчылык мезгилде элге жаңжалдын кереги жок деп оппозиция өкүлдөрүн сабырдуулукка чакырууда:
- Бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт дейт. Эгер Болот Шерниязов Таластын кулунуна бей-жай аялдардынбы, бирөөлөрдүн колу тийип кетсе, бул жалпы элдин проблемасы эмес. Бирок аны угуп алып ичи ачышып аткардар бар болушу мүмкүн. Болот мырзага айтаарым ушул эле, кордук көрүп ызаа болуп атса, “аш кайгыны аш басат, көп кайгыны дос басат” дейт, эми ар нерсенин акырын күтүшүбүз керек.
“Азаттыкка” серепчи катары баары мыйзамдын негизинде болгон деп Ысыккөлдө болгон жөө жүрүшкө баа берген Талас шаарынын тургуну Данил Акжолов мамлекет элдин көйгөйлүү маселелерин чечпегендиктен, оппозициядагы адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө дейт:
- Жазгы жер айдоого тоскоол болуп атасыңар деп айтып аташыт. Эми жазгы жер айдоо асфальтка себилбейт да, талаада иштей беришпейби. “Акыйкат үчүн”, “Ата мекендин” мүчөлөрү талаага барган жок да. Жакшынакай болуп түзүлгөн маршрут менен өздөрүнчө кете бермек. Оппозиция деген кайдан пайда болот? Өзүнүн позициясын айтканда бийлик укпагандан кийин анан оппозиция болот да.