Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

“АК ЖОЛДУН” АРЫШЫ, КОМПАРТИЯНЫН ДАБЫШЫБЫ?


Аманбек Жапаров, Бишкек “Ак жол” партиясынын 29-апрелде болгон курултайында өлкө башчысы Курманбек Бакиев партиялык курулуштун жаңы баскычы башталып жатканын белгилеп, жер-жерлерде так системалык иштерди түзүү, жергиликтүү, аймактык партиялык түзүмдөрдү активдештирүү жана алардын ролун жогорулатуу зарылдыгын айтты. Айрым саясатчылар курултайдагы президенттин партиялаштарына кайрылуусун Кыргызстанда бир партиялуулук режимин орнотуу аракети катары баалап, “Ак жолду” Орусиянын “Бирдиктүү орусия” партиясынын начар үлгүсү деген пикирлерин айтышууда.

Президент Курманбек Бакиев курултайда партиялаштарына кайрылып жатып, жер-жерлерде партиялык түзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча маселелерди ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле “Ак жолдун” жаңы экономикалык саясатты жүзөгө ашырарына, өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылып, жергиликтүү бийликтердин күч-аракеттерине колдоо берерине ишенерин айтты. Бакиев “Ак жол” партиясы жер-жерлерде өзүнүн мүчөлөрү аркылуу депутаттык мандаттарга ат салышууга жарай турган саясий күч болуп калышы керектигин, аймактык түзүмдөрү реалдуу күчкө ээ болушу үчүн жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоого активдүү катышуусу абдан маанилүү экендигин билдирди.

- “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү, “Ак жол” партиясынын депутаттары, “Ак жол” партиясын колдогон биздин атуулдарыбыз элдин арасында дайыма иш жүргүзүшү керек. Туруктуу байланыш болуш керек. Шайлоо мезгилинде гана эстебей. сиздерге жардам көрсөтө турган мүмкүнчүлүктөр бар,-деди Бакиев.

"Асаба" партиясынын мүчөсү Дөөлөт Нусупов болсо өлкөдө саясий туруктуулук болушу үчүн президент жеке өзүнүн бийлигинин кызыкчылыгы үчүн бир эле партиянын айланасында иш жүргүзбөй, жалпы саясий партиялар боюнча мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзүшү керек дейт.

Ал эми коомдук жана саясий ишмер Накен Касиев бийлик азыркыдай саясатын уланта берсе бир партиялуулукка, мурдагы компартиянын дооруна келет деген көз карашта.

- Менин оюмча жакшы идеяны, жакшы келечектүү системаны талкалап жатабыз. Тилекке каршы Россиянын “Единная Россия” партиясын туурап, анын жакшы жактарын эмес, терс жактарын алып. “Моно” партия кылып, азыр аны финансылап, программасын түзүмүш болуп өкмөткө, жалпы элге таңуулап жатышы мурунку совет биримдигиндеги компартияны элестетип жатат мага.

Касиев белгилегендей бийликтин үч бутагынын бир адамга берлишине жана акыркы үч ай аралыгында чегара, электр тармагына байланыштуу маселелерге “Ак жол” партиясы зор салым кошту. “Эгерде бийлик азыркыдай саясатын уланта берсе Кыргызстан бир топ жылга чейин демократиялык багытынан кайтып, республикада оор акыбал улана берүүсү ыктымал”,- дейт Касиев.

- Акыркы үч-төрт айдын аралыгындагы терс көрүнүштөрдүн бардыгы ушул “Ак жол” партиясы менен айкалышкан. Ошол партиянын парламентте кабыл алган чечимдери, эл арасында уламдан улам алардын аброюнун түшүп баратышы, бийликтин үч бутагы бир кишинин колуна келип, авторитардык режимге кептелип калганы, мына ушунун бардыгына “Ак жолдун” салымы зор. Эгерде мындан ары ушундай жол менен кете берсек бир партиянын, компартиянын үстөмдүк кылышындай эле болот. Башка партияларды эсепке албай эле коюш керек. Анан жармактатып бир-эки партияны кошуп коет. Бир топ жылга чейин демократиялык маанайдан кайтабыз дагы, республикада оор акыбал уланат.

Курултайда “Ак жол” партиясынын бюджети, аймактардагы түзүмдөрүнүн башчыларына мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу маяна чектеп, айлык берүү, материалдык-техникалык базасын чыңдоо сыяктуу маселени партиянын төрага орун басары Элмира Ибаримова көтөрдү. Ал ошондой эле өткөн жылы парламенттик шайлоодо “Ак жол” партиясы жалпы элдин колдоосунда жеңишке жетишкенин белгилеп, президенттин саясатын татыктуу улантышарын баса белгиледи.

“Ар намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова партияны каржылоо ар бир партиянын ички уставына жараша болоорун, ал эми “Ак жолдун” каржылоо маселесин курултайда тикелей көтөрүп чыгышына караганда аларга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүшү толук мүмкүн деген пикирин айтты.

-Облустардагы партиянын координаторлоруна, катчыларына айлык бериш керек деген демилгени мен колдой албайм. Албетте бийликтин партиясынын буга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бир жагынан өздөрүнө жол ачып, өздөрүнө өздөрү мыйзам жазып алып, өз координаторлорун ачыктан ачык эле каржылайлык деп жатышат. Анда “Ак жол” партиясы сөзсүз түрдө бүджеттен каржыланышы мүмкүн. Эгерде алар бүджеттен каржылана турган болсо, “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизип, мамлекет бардык саясий партияларды каржылоого тийиш.

Курултайда президент Курманбек Бакиев: “Кээ бирөөлөр бийликтин партиясынын өкүлүмүн дештен тартынат. Мен аларды түшүнөм, анткени март революциясына чейин бийликтин абройу эл арасында абдан төмөн болчу. Азыр абал өзгөргөн. Биз бүгүн аны менен сыймыктансак болот. Үч жыл аралыгында бийлик тарабынан аткарылган иштер-башты өйдө көтөрүп, элдин көзүн уялбай кароого толук негиз түзүп бере алат. Мен партиянын лидери катары айта алам, мен эч качан партиялаштарым эл алдында жер карай турган кадам жасабайм. Ошондуктан биз жасап жаткан иштердин баары Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн гана багытталат”, – деп партиялаштарына кайрылуусун жыйынтыктаган эле.

XS
SM
MD
LG