Тибеттеги кризисти Кытай жетекчилиги менен талкуулоо үчүн Тибеттин сүргүндөгү лидери Далай Лама Кытайга жөнөп кетти. Делегация ишембиде Кытайга жетээри күтүлүүдө. Ошентип, марттагы Тибеттеги кандуу демонстрациядан бери чет жактагы тибеттик жетекчилик менен кытай бийликтери алгачкы ирет сүйлөшүүгө олтурушат. Анын аралыгында Непалда тибеттиктердин антикытайлык демонстрациясында полиция 100 адамды кармаганы айтылууда.