Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

ИРАК ЖАЛАҢ АСКЕРДИН КҮЧҮНӨ ТАЯНЧУ МЕЗГИЛДЕН ӨТТҮ


Амирбек Усманов, Прага Эларалык кризис тобу 30-апрелде Ирактагы кырдаал тууралуу изилдөөсүн жарыялады. Иликтөөгө караганда, 2007-жылдын январында, президент Буштун буйругуна ылайык, Кошмо Штаттар Ирактагы аскерлердин санын 30 миңге көбөйтүүсү өлкөдө зобун-зордуктардын азайуусуна чоң салым кошкон. Бирок аскерий кубаттын мүмкүнчүлүгү толук пайдаланылды. Иракта --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/3D231A19-1952-4AA5-A20D-9EF072DABD04.asp терең саясый өзгөрүүлөр болбосо, буга чейин жетишилген ийгиликтен кол жууп калуу оңой, деп эскертилет Эларалык кризис тобунун изилдөөсүндө.

Изилдөөдө көптөгөн козголоңчулар менен өткөрүлгөн баарлашуунун негизинде 2007-жылдын январындагы Ирактагы америкалык аскерлерди көбөйтүүнүн саясый жана коопсуздук жагдайына тийгизген таасири бааланат. Бул чара сунни козголоңчулардын айрым чоң топторунун АКШлык күчтөргө кошулуп, “ал-Каидачыларга» каршы күрөшүүсүнө түрткү берген.

Америкалык аскерлердин соккусу «ал-Каиданы» бир кыйла алсыратканы менен алардын мыкаачылыгы күчөгөн. Ошол эле учуруда суннилер Ирактагы саясый жараянды колдой баштаган. Мындай кырдаалда Нури Маликинин өкмөтү Ирактагы бардык саясый топтор, анын ичинде эрегишчилердин активдүү бөлүгү менен сүйлөшүүгө барып, саясый мунаса табышы зарыл. Вашингтон болсо борбордук өкмөттү этибарга албаган жергиликтүү саясатчыларды колдоодо, деп белгиленет 30-апрелде жарыяланган изилдөөдө.

Кризистик топтун Ирак, Сирия жана Ливан боюнча долбоор директору Питер Харлингтин сөзүнө караганда, козголоңчулар сүйлөшүүгө дилгир болуп турат; АКШ болсо эрегишчилерди биротоло талкалоого бел байлап алган сыяктуу.

Кризистик топ саясый жагдайды өзгөртүү үчүн, Ирактагы бардык күчтөр өз ара мунаса түзүүсү зарыл деп эсептейт. Мына ошондо гана суннит-шиит болуп бөлүү токтойт, ишке жөндөмдүү мамлекеттик бийлик түзүлөт. Бул жараянды тездетүү үчүн АКШ өкмөтү Улуттар Уюму менен чогуу Ирак өкмөтүнө 1-октябрда провинциалдык шайлоолорду өткөрүүгө жардам бериши абзел деген сунуш айтылат.

Ирактагы этникалык жана диний топторду өлкөдөгү саясый жараяндарга тартуу маселесине 25-апрелде Финляндияда өткөн сүйлөшүү да арналды. Анда 36 саясый партия жана кыймылдын өкүлдөрү Ирактагы саясый проблемалар сүйлөшүү аркылуу чечилсин деп табышты. Ирак парламентинин мүчөсү Аббас ал-Баяти «Эркин Ирак» радиосуна берген интервюда бул жыйындын чечимин чоң жылыш деп атайт:

- 25-апрелде Хельсинкиде аяктаган экинчи кездешүүдө макулдашылган элдешүүнүн долбоору алдыга жасалган чоң кадам болду. Себеби зобун- зордуктан жана терроризмден баш тартып, улутту бириктирүү аракетин жактаган, ошондой эле саясый жараяндан четте турбоону каалаган адамдарга эшик ачты.

Ирандагы саясый күчтөрдү бириктирүүгө багытталган бул жыйынды Финляндиянын мурдакы президенти Марти Ахтиссари башындагы «Кризисти башкаруу демилгеси» деп аталган эларалык уюмдун арачылыгы менен өттү.

XS
SM
MD
LG