Сыйлыкты Жалалабаттагы «Акыйкаттуулук», «Медиа-Инкубатор» бейөкмөт уюмдары, Москвадагы «Fergana.ru» маалымат агенттиги негиздеген.
Узакка созулган талаш-тартыштан кийин «Бардыгы үчүн укук» басылмасынын кабарчысы Сахира Назаровага, “МезонТВ” телекомпаниясынын кызматкери Илхом Абдукахаровго жана жаш журналист Минайым Исабаевага ыйгарылып, лауреаттык дипломду, ошондой эле ар бирине 4 миң сом тапшырылды.
“Бардыгы үчүн укук” басылмасынын кабарчысы Сахира Назарова
Жаш журналист Минайым Исабаева
“МезонТВ” телекомпаниясынын кызматкери Илхом Абдукахаров
Алгачкы үч лауреатка сыйлык тапшырып жатып, “Акыйкаттуулук” укук коргоо борборунун төрайымы Валентина Гриценко буларды айтты:
-Алишер Саиповдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ушул сыйлыкты уюштурдук. Жалпыга маалым, жогорку даражадагы мааниге ээ Нобель сыйлыгы бар, муну да ошентели деген ниетте туруктуу донор издеп журналисттердин укугун коргоо боюнча эл аралык комитетке кайрылдык. Демилге колдоо тапса, аны массалык маалымат каражаттарынын мыкты өкүлдөрүнө жыл сайын ыйгарып турмакчыбыз, атүгүл сыйлыктын алкагын кеңейтип Борбор Азия деңгээлине көтөрмөкчүбүз.
Сыйлык тапшыруу аземинде Кыргызстандагы сөз эркиндигинин бүгүнкү абалы талкууланды.
26 жаштагы Алишер Саипов өткөн жылдын октябрь айында Ош шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ал “Америка добушу”, “Эркин Европа/Азаттык” үналгыларынын кабарчысы, “Сиёсат” деген курч көз караштагы жумалык гезиттин редактору болуп иштеген.