Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:47

АКШ ИЗРАИЛ-ПАЛЕСТИН КЕЛИШИМИ БЫЙЫЛ ТҮЗҮЛӨРҮНӨ ИШЕНЕТ


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс быйыл жыл этегине чейин израил-палестин тынчтык келишими түзүлүшү мүмкүн деп эсептейт. Райс Жакынкы Чыгыштагы --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/01/F58191E9-30C0-42AB-B535-F22A65DC11A5.asp эки күндүк сапары маалында Израилдин жана Палестинанын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Былтыр ноябрда АКШнын Аннаполис шаарындагы эл аралык жыйында Израил менен Палестин автономиясы өз ара тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандантмак болушкан. Андан бери олуттуу прогресс байкала элек.

Ошентсе да Кондолиза Райс “белгиленген максатка – израилдиктер менен палестиналыктар ортосундагы тынчтык келишимге - быйыл жыл этегине жана президент Буштун бийликтеги мөөнөтү бүткөнгө чейин жетишкенге болоруна АКШ ишене тургандыгын” билдирди.

Райс жекшемби күнү Рамаллада автономиянын башчысы Махмуд Аббас менен жолугуп, сүйлөштү. Андан бир күн мурда палестин бийликтери Иордан дарыясынын батыш өйүзүндөгү Женин шаарына алты жүздөй полицменди киргизип, калааны өз көзөмөлүнө алышкан эле. Райс бул кадамды жакшы апазда баалап, палестиналыктар өз жериндеги коопсуздук үчүн жоопкерчиликтин көп үлүшүн өздөрүнө алышы керектигин эске салды.

Буга катарлаш израил полициясы батыш өйүздө Хевронго жакын жерде тургузулган маалалардын бирин сүрдүрүп, бузуп таштады. Мыйзамсыз үй куруп алгандар каршылык көрсөткөнгө аракет кылышты.

Палестин жериндеги жөөт маалаларынын проблемасын Райс ишемби күнү Иерусалимде Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт менен өткөргөн сүйлөшүүлөр учурунда кайрадан сөз кылды. Райс ырастагандай, Кошмо Штаттары курулуш иштерин “жол картасында” аныкталган милдеттенмелерге ылайык келбейт деп эсептейт. Ошол себептүү келишимге жетишүүнүн өбөлгөсү катары ишеним кырдаалын түзүүнү израилдиктердин эсине салып келатат.

Жакынкы Чыгыш жаңжалын жөнгө салуу боюнча эл аралык арачылар да жума күнү Лондондогу жыйында Израилди курулуштарды токтотууга чакырган эле. Аскери күзөт пункттары, жол боюндагы башка тоскун жайлар темасына Райс Израилдин коргоо министри Эхуд Барак менен жолуккан учурда да атайын кайрылды.

Райстын сапарынан соң Аббас менен Олмерт жолукканы жатышат. Жолугушуу бүгүн, дүйшөмбү күнү болушу мүмкүн. Айдын этегинде болсо Жакынкы Чыгышка Израил мамлекетинин 60 жылдык мааракесине катышканы президент Жорж Буш өзү келет.

XS
SM
MD
LG