-Чынара айым, быйылкы окуу жылы дагы аяктап бара жатат. Бул жылы канча жерде тестирлөө борборлору ачылат жана канча окуучунун ага катышаары күтүлүүдө?
-Быйыл тестирлөө 88 борбордо болот. 88 мектеп тест борбору катары даярдалып жатат. Азырынча канча адам каттоодон өткөнүн айтууга эрте. Анткени биз каттоо формаларын аягына чейин иликтеп чыга элекпиз. Бирок Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы алдын ала берген маалыматы боюнча 33 миң адам каттоодон өткөн.
-Алар ошол тестирлөө аркылуу өздөрүнүн билимдерин сынап, канча окуу жайга катыша алат?
-Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарына өтүү үчүн милдеттүү түрдө керек бюджеттик орундарга. Ал эми бардык эле биздин мамлекеттик окуу жайларга бул тестирлөөнүн жыйынтыгы менен контракттык дагы, бюджеттик орундарга дагы өтсө болот.
-Ошол бюджеттик канча орунга ат салышат ушул тестирлөө аркылуу?
-Адатта беш миңден ашыгыраак бюджеттик орун берилет.
-Премьер-министр Игорь Чудинов мамлекеттик заказ аркылуу адисттерди даярдоо зарылдыгын белгилеп жатат. Бул кандай ишке ашырылышы ыктымал? Тестирлөө борборлору буга өздөрүнүн жардамдарын бере алабы?
-Биз азырынча бул жөнүндө айта элекпиз. Анткени быйыл тестирлөө өтөт деп Билим берүү жана илим министрлиги айткан. Кийинки жылы балким кандай формада болот ал жөнүндө айтуу өтө эле кыйын. Бул процессти жакшыртуу үчүн дагы башка формалар жөнүндө ойлонуп жатышат.
-Ушул тестирлөө борборлору акыркы жолу өтүп жатат деп дагы кабарланды эле. Сиз өзүңүз дагы белгилеп жатасыз. Бул өзүнүн натыйжалуулугун, эффективдүүлүгүн көрсөтө алган жокпу? Эмне себептен бул токтотулуп жатат?
-Ар бир иш болгондон кийин сын дагы болот деп айтып коюшат эмеспи. Сын болбогон жерде иш дагы болбойт. Ошондуктан айтылып жатат го дейм. Бирок бул тестирлөөнүн карапайым элге жакшы нерселери көп болду деп айтсам силердин угармандарыңар бул ойго кошулат болуш керек. Анткени ушул биздин бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайларга жана бюджеттик орунга өткөнгө мүмкүнчүлүк берип жатат. Бул тестти бардыгы эле тапшырбайт.
Эгерде мурдагы формада - экзамендер аркылуу болсо, анда бардыгы тапшырыш керек, жогорку окуу жайга өтөсүңбү, өтпөйсүңбү, бардыгы тапшырыш керек. Ал эми бул тестирлөөнү бир багыт менен жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп, жогорку окуу жайга барам деген бала тапшырат. Андан тышкары кээ бир балдар бул тестирлөөнү өзүнүн билим деңгээлин сыноо үчүн берип жатышат.
Анан дагы бир өзгөчөлүгү – бүтүрүүчү шаарга келип тапшырбастан, тескерисинче айылдарга борборлор барат, райондук же облустук борбордо бул тестти тапшырат. Азыркы биздин республикабыздын оор шартында, материалдык жактан жетишпеген үйбүлөлөр үчүн абдан эле жакшы жеңилдик деп ойлойм.
-Маегиңизге ырахмат.