Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

КОНСТИТУЦИЯНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ


Бүгүн Конституциянын кабыл алынганынын 15 жылдыгын белгилөө салтанатында президент Курманбек Бакиев өткөн жылы октябрда референдум менен кабыл алынган Баш мыйзамдын жаңы редакциясы элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп, өлкөдө мыйзамдуулук орноорун белгиледи. Айрым саясатчылар болсо 1993-жылы 5-Майда кабыл алынган Конституция --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/B13EAB1C-C6BB-449E-8E9A-6EF0DF9A1E7A.ASP мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн бир нече жолу оңдолуп, баркы кеткенин айтышууда.

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев 1993-жылы 5-Майда кабыл алынган Конституция өлкөнүн тарыхында зор саясий мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, 15 жыл аралыгында мурдагы бийликтин мезгилинде Баш мыйзам мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн эмес ошол учурдагы саясий кызыкчылыктарга багытталып бир нече ирет өзгөртүлгөн болчу. «2005-жылы мартта элдик бийлик орногондон кийин биздин алдыбызда конституциялык жоболордун реалдуу мазмуну менен айкалышын, демократия принциптеринин коомубузда бекемделишин камсыздоо милдети турду», - деди президент.

- Буга чейин ар кандай саясий коньюктуранын кызыкчылыктарын көздөп киргизилген жоболордун бардыгынан арылуу максатында 2007-жылдын октябрь айында өткөн элдик референдумга коюлган Конституциянын долбоорунун өзөгүн дал ошол алгачкы, 1993-жылдагы Конституциянын жоболору түзгөндүгүнүн себеби да ушунда.

Өз сөзүндө Бакиев негизги мыйзамга ылайык алдыда үч багыттагы милдет турганын белгиледи. Алар - укуктук маданиятты түзүү. Ар дайым демократия, адам укуктары жана атуулдардын эркиндиги жөнүндө эрежелерди сактоо боюнча жарандык позициянын активдүүлүгү, бийликтин бардык органдарын мыйзамга кыңк этпей баш ийүүгө жеткирүү. Ошондой эле президент Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынган соң өлкөдөгү саясий кырдаал турукташып, саясий партияларга жол ачылганын, парламент саясий партиялардан куралганын кошумчалоо менен конституциялык реформага байланыштуу убадалар аткарылганын белгиледи.



«Эркиндик» партиясынын мүчөсү Топчубек Тургуналиев Конституциянын азыркы жаңы редакциясында парламенттк шайлоого партиялык системаны киргизүү сыяктуу бир катар жакшы жоболор кабыл алынганын, бирок көп өтпөй анын аткарылышын бийлик өзү бузганын белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы парламенттик шайлоодо бийликтин шашылыш түзгөн «Ак жол» партиясына шайлоочулардын добуштары уурдалып, саясий чайкоочулук менен Кыргызстан коммунисттер партиясы жана СДП парламентке күчтөп киргизилген.

-Бул Конституциянын жаңы редакциясынын көп жагы туура эмес болуп калды. Биринчиден, бийлик тармактарына бийликтин туура эмес бөлүштүрүлүшү. Мисалы, президент өтө көп бийликти тартып алып кетти. Экинчиден, кол тийбестик укук деген тилекке каршы калып калды. Ошол эле Бакиев ыңкылаптан кийин президенттик шайлоонун алдында 2-июлда Ташкөмүрдө сүйлөгөн сөзүндө “мага кол тийбестиктин кереги жок”, - деп айткан. Анан референдумда анын баары калып калды.

Топчубек Тургуналиев президент баш болгон аткаруу бийлигиндегилер Конституцияда көргөзүлгөн мамлекеттик тил боюнча жобону бузуп, расмий тилде иш алып баруусу кыргыз тилинин өнүгүүсүнө эмес, акырындап жоголушуна шарт түзүүдө деген көз карашта.



Ал эми мурдагы легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматов буга чейин жети жолу бурмаланган Конституцияны 1993-жылы кабыл алынган алгачкы үлгүсүнө алып келмейинче, өлкөдө эч качан саясий туруктуулук орнобойт деп эсептейт.

- Азыркы бийликтегилер бүгүн партия түзүп, эртеси Конституцияны кабыл алып, а бүрсүгүнү ошол партиясына кошоматчылар, чиновниктер, кландардын мүчөлөрүн тизмеге киргизип бүттү-бүттү кылып атышпайбы. Биринчиден, референдум мыйзамсыз. Конституция мыйзамсыз. Ошол референдум, Конституциянын негизинде шайланган парламент дагы мыйзамсыз. Булардын кабыл алып жаткан мыйзамдардын бардыгы тең мыйзамсыз. Акаевдин мезгилинде дагы, Бакиевдин мезгилинде дагы. 1993-жылдагы Конституцияга кайра кайрылып келип, референдум өткөрүп, республиканы ушул акыбалга алып келгендердин бардыгы жоопкерчиликке тартылышы керек.

Ааматов белгилегендей алгачкы Конституцияда көрсөтүлгөндөй президент, парламент депутаттары, соттордон кол тийбестик укук алынганда гана бийлик эл алдында жоопкерчилигин сезип, коррупцияга бөгөт коюлат.

XS
SM
MD
LG