Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

БАТЫШ ГРУЗИЯ МЕНЕН ОРУСИЯНЫ САБЫРДУУЛУККА ЧАКЫРАТ


Сеператисттик абхаз өкмөтүнүн өкүлдөрү Грузиянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/D7BBB6A8-FFAB-4ED2-A370-4AC419214785.asp эки учак-автоматын атып түшүрдүк деп ырастаган эле. Тбилиси Абхазияда аталган убакта учагыбыз болгон эмес деп айтууда. Грузия менен Москва колдогон Абхазиянын ортосундагы ушул окуяга байланыштуу Кошмо Штаттары менен Европа Биримдиги тараптарды сабырдуулукка чакырышты.

Грузиядан өз алдынчалык жарыялаган Абхазия 4-май, жекшембиде грузиндердин эки тыңчы учагын атып түшүрдүк деп жарыялады. Ушуга байланыштуу Грузиянын Москва менен алакасы дагы курчуду.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги жекшемби күнү Абхазиянын аймагына учак жибербегенин билдирди. Министрлик бул ырастоону "акылга сыйбаган калп" деп мүнөздөдү.

Бирок Абхазиянын сеператисттик өкмөтүн колдогон Москва Тбилисинин дарегине бир топ сөз айтты. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги "бул учуулар мыйзамсыз, грузин президенти Михаил Саакашвилинин өкмөтү атайлап абалды курчутуп жатат" деген билдирүү жасады.

Ошентип, Кара денизди бойлой жайгашкан Абхазия Грузия менен Орусиянын ортосундагы таймаштын борборунда кала берүүдө.

Тибилиси 20-апрелде Москваны Абхазиянын үстүнөн өзүнүн ичинде кишиси жок учак-автоматын атып түшүргөндүгү үчүн айыптаган эле. Ошондон кийин чатак куралдуу жаңжалга айланып кетүү коркунучу күчөдү. Орусия бул кинени четке каккан.

Орусиянын кетип жаткан президенти Владимир Путин өткөн айда Абхазия жана Гурзиядан өз алдынчалык жарыялаган дагы бир жумурият – Түштүк Осетия менен алакаларды бекемдөөгө буйрук берген эле. Муну Грузия аларды аннексиялап алуу багытындагы кадам деп баалаган.

Ал эми өткөн аптада Орусия Абхазияда турган тынчтык күчтөрүнө дагы кошумча аскер жиберди. Москва бул аракетин Грузиянын Абхазияга кол салуу ниети менен түшүндүрүүдө.

Орусия Абхазия менен Түштүк Осетияны мына дээрлик 20 жылдан бери колдоп келатат. Алардын өз алдынчалыгын тааныбаганы эле болбосо, акча жана курал жагынан да, паспорт менен да жардамын аяган жок.

Грузин президенти Саакашвили күч колдонуу ниети жок экендигин билдирген, бирок бул жумурияттарды кайра Грузиянын карамагына алып келүүдө сөз берген.

Тбилиси-Москва алакасынын начарлашына Саакашвилинин Грузияны НАТОго жакындаштыруу аракети негизги себеп болууда. Москва НАТОнун өз чек арасына чейин кирип келишин каалабайт. Соңку окуялар өз кезегинде Батышта тынчсызданууга түрткү болду. Ак үй тараптарды "чыңалууну күч алдыруучу кадамдардан" сак болууга чакырды. Ал эми Евробиримдик бардык тараптарды өз ара ишенимди калыбына келтирүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG