Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд өткөн жумада Лондондо өзүнүн АКШ, Орусия, Кытай, Франция жана Германиядагы кесиптештери менен сүйлөшүү өткөндөн кийин, Ирандык өзөктүк программасы тууралуу макулдашуу ийгиликтүү болооруна ишеним билдирген эле:
- Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн негизинде биз Иранга жаңы мамиле жасап жатабыз.
Бирок Иран бул сунуштарга суу сепкендей эле кылды. Маалыматтарга караганда Иран өзөктүк программасы боюнча аракеттерин токтотсо, дүйнө лидерлери техникалык жактан жардам болоорун айтылган.
3-майда Иран тышкы иштер минстри Манучехр Моттаки кандай гана сунуш болбосун тыюу салынган чектен өтпөшү керектигин кайталады.
Ушундай эле мазмундагы билдирүү менен кийинки күнү өлкө иштери боюнча сөзү өтүмдүү руханий лидер, аятолла Али Хаменей чыкты. Тыюуларга карабай ишти улантуу улуттук милдет экенин, эч кимге Ирандын мыйзамдуу укуктарынан ажыратууга жол бербеш керектигин айтты. Хаменей бир дагы дүйнөлүк держава Иранды жолдон чыгара албай тургандыгын кошумчалаган.
Иранга жаңы сунуш анын талаш-тартыштуу уран байытуу аракеттерин токтотуу боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши салган тыюулар менен жарыша берилүүдө. Орусиянын тышкы иштер минстри Сергей Лавров Лондондогу сүйлөшүүлөр маалында бул ирээт олуттуу санкциялар тууралуу сөз болбогонун айтты.
Британ тышкы иштер минстри Дэвид Милибэнддин билдиришинче, Иранга жаңы сунуштар 2006-жылкы сунуштарды кайрадан карап, кошумча-алымчасы менен берилди. Ал эл аралык коомчулук менен иштешүүдөн алынган пайдага негизделген. Дүйнө лидерлери Ирандагы өзөктүк аракеттерди олуттуу көйгөй деп эсептешет. Расмий Тегеран болсо өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөйт деп ишендирүүдө.
Жаңы сунуштун мазмуну Иран өкмөтүнө гана маалым болоорун айтып, Милибэнд анда эмнелер камтылганын ачыктаган жок.
Дүйнө державалары Иран менен токтоп турган сүйлөшүүлөрду Тегеран уран байытуудан баш тартса эле улантылаарын ырасташууда. Иран бул сунушка азырынча макул эмес.
Британиянын мурунку тышкы иштер министри Норман Ламонт "Азаттыктын" Иран кызматына, АКШда президенттик шайлоо өтүп, Вашингтондо башчылар жаңырганда өткөргөн сүйлөшүү майнаптуу болот беле деген пикирин билдирген:
- Мурун Иран өзүнүн тышкы саясатында мындай сүйлөшүүлөргө азыраак кызыгып келген. Азыр болсо эки тарап тең кырдаалдан пайда алууга толгон-токой мүмкүнчүлү бар экенин аңдап билгендиктен, эми мындай эмес экенине ишенем. Менимче АКШдагы президенттик шайлоодон кийин, республикачыл президент болобу же демократпы, айтор Иран АКШ менен баарлашууга барса керек деп ойлойм.
Багдадда өткөн айда Кошмо Штаттары менен Иран элчилердин деңгээлинде жолугушкан жана анда негизинен Ирактагы коопсуздук маселелери талкууланган. Бирок Ирандын тышкы иштер министри америкалык күчтөр ирактык шийи согушкерлерин кол салуу токтотпосо Тегеран АКШ менен экинчи сүйлөшүүгө барбай тургандыгын билдирген болчу.