Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

КЫЗЫЛ АЯНТКА СОВЕТТИК ДООРДОГУ МАКТАНЫЧ ДЫМАКТАР КАЙТЫП КЕЛДИБИ?


Элеонора Бейшенбек кызы 9-май Улуу Жеңиш майрамында Орусиядагы Кызыл Аянтта куду он жети жыл мурункудай танка, учак жана тиреле тизилген аскерлердин коштоосунда парад өтөт. Иш-чара эртең Кремлдеги тарыхый саясий өзгөрүүлөргө карата да уюштурулуп жаткандыктан мындай парад көптөрдү деле таң калтырбагандай. Серепчилер өткөн совет доорунун мурастарын кайрадан даңазалоо менен Орусия дүйнөлүк майданда өзүн өйдөлөткүсү келип жатат деп айтып чыгышты.

Танктар баштаган көлөмдүү аскердик техника коштогон Жеңиш майрамына арналган парад Орусияда он жети жылдан бери өтө элек болчу.

9-майда Кызыл аянтта ошондой ракетанын акыркы түрлөрү көрсөтүлөт. Отуздан ашык учак жана тик учак асманда чарк айланып турмакчы.

Парад орус лидери Владимир Путиндин коштошуу аземи да болуп калгандай. Өлкөнү сегиз жыл башкарган Путин эртең расмий түрдө кызматтан кетет. Кетер алдында ал башкарган жылдары постсоветтик кымгууттан эсине келип, чоң энергетикалык кубатын саясий дарамети бар мамлекетти көрсөтүүнү каалап жаткандай.

Путин 5-майда орус президенти катары акыркы сөзүндө Жеңиш күнүнө арналган салтанатта аскердик курал-техниканын колдонушун жактады:

- Бул курал жарактар менен мактануу эмес. Биз бирөө жарымды коркуталы деген ниетибиз жок. Эч кимге эч нерсени таңуулабайбыз. Бизде баары жетиштүү. Бирок бул - биздин коргонуу чөйрөсүндө өсүп бараткан мүмкүнчүлүгүбүздүн демонстрациясы. Өз элибизди, атуулдарыбызды, мамлекетибизди, байлыгыбызды коргоп калууга кудуретибиз жетет. Ал эми байлыгыбыз болсо аз эмес.

Параддын жүрүшүнө байкоо салгандар анда өлкөнү атайылап мурунку коммунисттик доорго кайтарып баруу аракеттери болгонун айтышат. Кийинки күндөрү сыналгыдан совет учурундагыдай миллиондогон элге куралдуу күчтөрдүн кубаты көрсөтүлүүдө.

Бул саясаттагы тарыхый өткөөл мезгилге туш келүүдө. Путин дале да болсо кубаттуу, популярдуу бойдон өкмөт башчылык орунга барганы жатат шекилдүү.

Орусиялык саясий талдоочу Дмитрий Орешкиндин айтымында, 9-майга арналган параддын мындай деңгээлде өтүшү Путиндин совет империясынан калган нерселерди жандантып, өлкөнүн мурунку атак-даңкын кайтарып алууга жасаган көп аракетинин бири:

- Путин советтик кыялдардын кайра жанданышына толук мүмкүнчүлүк берип жатат. Аскердик салт-санаада тарбия алып, дүйнөнү Батыш бизди басып алгысы келет деп түшүнгөн көптөгөн адамдарга туруп-туруп эле биздин танкаларыбыз жетиштүү эмес деген ойдун келиши аларды албетте ыза кылат. Эмнеге аларга танкаларды көрсөтүп, Кызыл Аянтта айдап койгонго болбосун. Мейли көрүп жандары жай алсын.

Парадда сегиз миң аскер советтик жана империялык аскердик долбоор менен айкалыштыра тигилген Путин өзү жактырган жаңы форма кийип чыгат.

КГБнын мурунку кызматкери катары Путин советтик гимнди, кызыл желекти Орусиянын аскердик расмий туусу катары жанданткан.

Путинди туурап бир топтор советтик биримдиктен калган нерселерден арылбай келишет. Аягы “su” менен аяктаган Интернет баракчалар кайрадан популярдуу боло баштады. Жыл башынан бери эле минтип катталуулар кырк беш пайызга өскөн.

Алтүгүл 1980-жылдары Олимпиаданын символу - мамалакты 2014-жылда Сочидеги олимпиадада жанданттуу тууралуу да сөз болгон. Былтыр орустардын белгилүү “Тагдырдын тамашасы” деген тасмасынын уландысы тартылып, ал дагы көптөрдүн кызыгуусун жараткан.

Левада иликтөө борборунун социологу Борис Дубиндин айтымында, советтик маанайдын жанданышы Путиндин эки мөөнөттүк башкаруусунда гана калыптанган агым.

- Жалпысынан бул символика өлкө башчыларынын да, жалпы элдин да совет дооруна кайтып барууга ниети бардыгы менен түшүндүрүлөт. Мындай көрүнүш Ельцин, жада калса Горбачев турган кайра куруу маалына да окшобойт.

XS
SM
MD
LG