Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Ф.КУЛОВ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ПРЕЗИДЕНТТИН АЛДЫНА БАРГАНЫН АЙТЫП БЕРДИ


Бүгүн “Ар намыс” партиясынын төрагасы, Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү долбоорунун директору Феликс Кулов маалымат жыйын өткөрүп, жаңы кызмат орунга дайындалышынын төркүнүн түшүндүрдү. Анын айтымында, чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү сунушу менен президенттин алдына барышында эч кандай жеке кызыкчылыктар жок. “Өлкө энергетикалык жана азык-түлүк кризисин баштан кечирип жатканда четте карап туруу патриоттук эмес”,- дейт Ф.Кулов. Ошентсе да коомчулук арасында, “саясатчылардан баардыгын күтүүгө болот, бул Куловдун кезектеги саясий жүрүшүнүн бирөөсү гана” деген сыяктуу пикирлер айтылууда.

Экс-премьер-министр Феликс Кулов Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышындагы депутаттардын колдоосун таппаган соң, 2007-жылдын башында президент Курманбек Бакиев аны кызматтан кетирген эле. Ошондон кийин “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” аттуу бириккен фронт түзүп, ордо калаада мөөнөтсүз митингдерди өткөргөнгө чейин барган Феликс Кулов президент менен акыры сүйлөшүүгө барып, Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү долбоорунун жетекчилигине дайындалды. Мындай кадамга баргандыгынын себебин ал, энергетика тармагынын кризиске туш болуп, элдин кыйналып жатышы менен байланыштырып, айрымдардын жеке кызыкчылык деген баа берүүлөрүнө кошулбасын билдирди:

- Бул президент үчүн же Кулов үчүн жасалып жатканы жери жок. Сөз элдин турмушун жакшыртуу жөнүндө болуп атат. Мындай абалда биз үчүн экономика жакшырып кеткени маанилүү. Биз экономика урап калганда бийликке келгенди каалаган жокпуз. Эгер баардыгы урап калса, кайсы бир партия үчүн бийликке келүүнүн кандай зарылчылыгы бар.

Айрым саясатчылардын айтымында, 2007-жылы Ф.Кулов чыныгы реформалар үчүн эмес, кызматынан айрылганы үчүн гана митинг уюштуруп, элди көтөрүүгө аракет кылган. Ошол себептүү Кыргызстан үчүн келечекте негизги киреше булагы болот делген энергетика тармагы жаатында бийлик менен кайрадан мунаса таап кетти дешет. Бирок Ф.Кулов мындай пикирге кошулбай турганын, апрель митингиси мүдөөсүнө жеткенин айтты:

- Биздин мөөнөтсүз митингдин максаты парламентти кетирүү жана жаңы конституцияны кабыл алуу болчу. Биз ал максатыбызга жеттик. Ал митингде Бакиев кетсин деп мен бир дагы жолу айткан эмесмин.

Ф.Кулов өзүнүн орун басары кылып, “Ар намыс” партиясында дагы орун басары болуп келген Эмил Алиевди дайындаган. Э.Алиевдин айтымында, “Ар намыс” партиясынын саясий кеңеши учурдагы кыйын кырдаалды эске алып энергетика жаатындагы иштерге көмөк көрсөтүүнү чечкен:

- Биз үчүн “бийликке канчалык жаман болсо, ошончолук бизге жакшы болот” деген сөз эң туура эмес. Мындай принцип менен иштеген болбойт.

Мамлекеттин мурдагы коопсуздук катчысы Мирослав Ниязовдун пикиринде, мындай долбоорлор керек болгону менен аларды ишке ашыруу көп жылдарга созулат. Андыктан, азыр чукул арада антикризистик программа иштеп чыгууга көбүрөөк көңүл буруу керек:

- Бул эми жаңы эле башталган долбоор. Менимче булар керектүү эле нерсе. Кичи ГЭСтерди көбөйтүш керек. Бирок бул көп жылга созула турган программа. Биз мына быйыл эле кыйынчылыкка кептелип калдык. Андыктан, көбүрөөк антикризистик программаны иштеп чыгуунун үстүнөн иштөө керек эле.

Бишкек шаарынын тургуну, студент Керим Өмүркожоевдин айтымында, азыркы саясатчылардын күтүлбөгөн кадамдарына эч ким деле таңгалбайт. Анткени алар өз позицияларын улам-улам өзгөртө берип элди көндүрүп коюшту:

- Биздин чоңдорубуз элдин тагдыры менен ойноп атышат. 2007-жылдан бери эле Кулов Бакиевге каршы чыгып келген болсо, азыр эми энергетика тармагында бир иш кылууга барып атышат. Демек булардын ортосунда бир нерсе бар. Дагы бир жагдай, эгер алар ушинтип жеке кызыкчылыктарын ойлой беришсе, анда эл үчүн иштей турган адамдарды табыш кыйынга туруп калат. Калпеле бир шылтоолорду айтып, эски карышкырларды шайлап коюп жүрө беребиз.

XS
SM
MD
LG