Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:05

БИРМАНЫ БОРООН ЧАПТЫ


Мянмада - мурдагы Бирмада табигый капсалаңдан 22 миңден ашуун киши курман болду, дайыны табылбагандар саны 40 миңден ашты. Өлкөнү көп жылдан бери башкарып келаткан аскери хунта эл аралык жардам кабыл алганга макул болду.

Бенгал булуңунан уюлгуп чыккан “Наргис” бороону Мянманын бир катар аймактарын жайпап, огуна туш келген райондорду кызыл уук кылып кыйратып өттү. Айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы саатына 190, кай бир учурларда 240 чакырымга чейин жетти. Бороон артынан деңизден көтөрүлгөн топон суу, тоодой болуп үйөрлөнгөн толкун каптап, түзөңдүү жээктерге жуук аймактарда бир нече кыштакты кум чайкагандай жалмап салды.

Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасынын өкүлү Пол Рисли өтө эле болжолдуу санактар боюнча деле жүз миңдеген кишилер үй-жайсыз калганын кабарлады. Айрым райондордо турак жайлардын 90 проценти кыйрады.

Үч миллиондой калкы бар Янгон шаары дээрлик электрсиз калды, көчөлөр омкорулган дарактарга, шамал айдап келген акыр-чикирлерге толуп чыкты. Богалай калаасы да катуу жабыркады, бийликтер ушул шаарда эле он миң киши өлгөнүн айтышууда. Калкка таза суу, тамак-аш, дары-дармек жетишпей жатат. Бир нече райондо чукул абал жарыяланды.

Бирманын аскери өкмөтү эл аралык уюмдардан гуманитардык шашылыш жардам алганга макул болду. Буга чейин хунта алардын ишине өтө шексинип карап, өлкөгө көп бут бастырбай келген. Эми аларга аскери режимдин апыл-тапыл жол ачып жатканы эле табигый кырсыктын масштабы өтө чоң болгонун билдирет, деп айтты эл аралык Save the Children (“Балдарды сактагыла”) соопкерчилик уюмунун жергиликтүү бөлүмүнүн башчысы Эндрю Кирквуд.

Бир катар мамлекеттер менен эл аралык уюмдар Мянманын өкмөтүнө чукул көмөк көрсөткөнгө даяр экенин билдиришти. Коңшулаш Таиланддан бүгүн гуманитардык биринчи жардам келет, Индия аскери эки кемесин жиберди, индус жоокерлери куткаруу жумуштарына катышат. Улуттар Уюму колдон келген бардык жардамын аянбай турганын баш катчы Пан Ги Мун билдирди. Кытай бир миллион доллар, Евросоюз эки миллион евро өлчөмүндө шашылыш жардам жөнөтүүгө киришти. Европалыктар биринчи кезекте үй-жайсыз калгандарды чатырлар, таза суу менен камсыз кылышат, андан соң дагы ири партияда керектүү товарлар жиберишет. Муну Еврокомиссиянын өкүлү маалымдады.

АКШ да Бирмага 250 миң доллар көмөкпул бөлдү. Атүгүл Бирмага жакын жердеги аскер деңиз кемелерин жардамга жибергенге даяр экенин бышыктап, президент Жорж Буш аскери хунтаны америкалык куткаруучуларды кабыл алганга чакырды.

Мянмада 10-майда жаңы конституциянын долбоору боюнча референдум болмок. Өзгөчө жабыр тарткан райондордо анын мөөнөтү 24-майга которулду, калган аймактардын баарында референдум өткөрүлмөй болду.

Долбоордо жалпы элдик шайлоо механизми каралган. Хунта бийликке келгенден бери Бирмада бир жолу гана шайлоо болгон, аскери режим утулуп калып, анын жыйынтыгын жарыялабай, жаап салган.

Оппозициянын өкүлдөрү жаңы конституция болгону хунтанын режимин бекемдейт дешет.

XS
SM
MD
LG