Грузия Евробиримдик, НАТО жана башка эл аралык уюмдарга кайрылып, Орусиянын Абхазия жана Түндүк Осетия боюнча жана бул аймактагы аскердик күчтөрдү көбөйтүү тууралуу чечимдеринен баш тарттыруу үчүн кысым көрсөтүүнү өтүнүүдө.
Грузин мамлекеттик кайра кызматташуу министри Тимур Иакобашвили Брюсселде Евробиримдикке жаңжалдуу аймакка келип, кырдаал менен таанышып, Орусияга карата катуу чара көрүүнү суранганын маалымдады.
Иакобашвилинин айтымында, Орусиянын кийинки аракеттеринен анын Абхазия менен Түштүк Осетияны басып алуу дымагы айкын болду.
- Биз түндүк коңшубуздун кошуналарынын жерин басып алуу аракеттерин айдан ачык көрүп турабыз. Биз Орус Федерациясы Грузиянын аймагын, тактап айтканда Абхазия менен Түштүк Осетияны басып алгысы келгенин көрүп турабыз.
Иакобашвили Москванын Грузияга жасаган мындай кысымы согушка кептеши мүмкүндүгүн айтты:
- Ачыгын айтканда биз согуштун алдын алышыбыз керек. Алдын алышыбыз керек дегенибиздин себеби, биз эмне болуп жатканын көрүп турабыз жана Орусиянын Грузияны согуш баштоого түртчү аракеттеринин белгилерин байкадык.
Грузин өкмөтү Евробиримдик Тбилисиде үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүп, аймактагы кагылышка кептелген кырдаалды баалоо үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзгөн атайын топ жиберишин, Абхазия менен Түштүк Осетияга полияциячыларды жөнөтүүнү каалайт. Бирок Тбилисинин мындай эңсөөсүнө Франция менен Германия макул эмес. Дал ушул эки мамлекет Грузиянын НАТОго мүчө болушуна каршы чыккан.
Евробиримдиктин өз атын атоону каалабаган өкүлү “Азаттыкка” Тбилисиге уюм өкүлдөрүн 8-майда жибериши ыктымалдыгын билдирди. Жалпысынан аталган биримдик грузин бийлигинин өтүнүчү менен кырдаалга аралашайын деген ниети бар. Бирок анын айрым мүчөлөрү мындай иштерди Улуттар Уюмуна калтыруу керек деген пикирде турушат. БУУнун Орусия башында турган бейпилдик күчтөрү азыр Абхазияда турат.
Иакобашвили 6-майда бир катар эл аралык уюмдардын талдоочулары менен да жолукту. АКШдагы Хопкинс университетинин адиси Свэйнт Корнелл “Азаттыкка” курган маегинде, Грузияны астейдил арыштоого чакырды. Анткени Корнелли мырзанын баамында Евробиримдик менен Кошмо Штаттарында Орусиянын аракеттерине ылайыкташууга мүмкүнчүлүк болбой да калышы ыктымал:
- Европада жана Америкада эмне болуп жатканын түшүнгөн адамдар, муну түшүнүп жатышат. Орусия кээ бир учурда атүгүл биз үчүн да кыйын болгон деңгээлге жеткенин, тынчтыкты сактап колдоо боюнча сүйлөшүүлөрдө монополияга айланганын моюнга алуу керек.
Грузин министри Иакобашвили Брюсселде Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолуккандан кийин, Грузиядагы жаңжалдарда Орусия “эреже сактабаган оюнчу” экенин батыш лидерлери биринчи жолу сезди деп айтты. Анын баамында расмий Москванын Тбилиси менен эле чектелбей, андан ары Украина, Балтика мамлекеттерин кошуп, Чыгыш Европанын чегарасын өзгөртүү боюнча долбоору бар.