Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУ: ТҮПТӨГҮ ЧАГЫМДЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК УЮШТУРГАН


Акыйкатчы институту Түп районунда оппозициянын жөө жүрүшүнө каршы чагымды жергиликтүү бийлик уюштурган деп эсептейт. Түптөгү окуя --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/710C369A-04FB-48AF-BEDD-E4C91676D880.asp боюнча иликтөө жүргүзгөн акыйкатчынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү ушундай тыянакка келишкени бүгүнкү маалымат жыйынында белгилүү болду. Бирок жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү болсо мындай дооматтарды өз учурунда четке кагышкан.

Акыйкатчынын орун басары Мамат Момунов баштаган топ Түптөгү окуя боюнча ушул жуманын башында иликтөө жүргүзүп келишти. Алар окуя болгон аймакты кыдырышып, жергиликтүү калктын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бирок алдын ала эскертилгенине карабай облустук жана райондук жетекчилер менен жолугушуу аракетинен майнап чыкпай, иликтөө бир жактуу гана жүргүзүлүп калган. Мамат Момунов жергиликтүү бийлик башчыларынын аларды жанына жолотпой качышы ар кандай күдүк ойлорго түртөөрүн айтат:

- Так маалымат алалы, алардын пикирин угалы деген аракетибизден майнап чыкпай, алар бизден качып туруп алышты. Ушундан улам бул иште алардын да күнөөсү бар го деген ой калат.

“Акыйкат үчүн” кыймылы Каркыра жайлоосундагы жердин жана көл жээгиндеги 4 пансионаттын Казакстанга берилишине каршы 26-апрелде Түп районунда жөө жүрүш баштап, бирок чагымчыл аракеттерден улам аны токтотууга аргасыз болушкан. Оппозиция жетекчилери бул чагымды бийлик атайын уюштурганын учурунда айтышкан. Акыйкатчы өкүлдөрү жүргүзгөн иликтөөдө да атайын уюштурулган адамдарга алдын ала пияз, жумуртка таратылганы айтылат.

Иликтөөгө катышкан укук коргоочу Ниязалы Бекбердинов атүгүл оппозиция лидерлерин сабагандарга акчалай сыйлыктар белгиленгенин ачыктады:

- Оппозиция лидерлерин тумшукка бир койгондорго беш миң сом белгилениптир. А Өмүрбек Текебаевди ургандарга өзгөчө сыйлык, 20 миң сомго чейин коюлганын айтышты. Бирок бул ишке ашпай, акча өздөрүнүн чөнтөгүндө калышты да.

Укук коргоочу бул боюнча күбөлөр бар экенин, керек болсо далилдеп берээрин кошумчалады.

Акыйкатчынын орун басары Мамат Момунов чагым жасагандарга кандай чара колдонулганы боюнча укук коргоо органдарынан сурап, бирок ага так жооп ала албаганын, ушундан улам бул жергиликтүү бийликтин кылган иши деген ойго келгенин айтат:

- Мыйзам бузгандарга тиешелүү чара көрүлүш керек эле. Жумуртка ыргытуу бул деле мыйзам бузуу, ээнбаштык да. Ошолорго иш козгоп, чара көрүш керек болчу, бирок андай болгон жок. Ушундан улам бул жергиликтүү бийликтин иши деген ой кетет.

Укук коргоочу Ниязалы Бекбердинов болсо жергиликтүү элдин маанайы тууралуу буларга токтолду:

- Караколдун телекөрсөтүүсү бул окуяны жарым сааттай эч кандай комментарийсиз кое бериптир. Ошону көргөн эл Ысыккөлдү ушинтип 4-5 эле аял бийлеп коебу дешип намыстанып, нааразы болушканын айтышты.

Укук коргоочу ошондой эле “Түп токмогу” алдын ала атайын даярдалганын, 4 чоң автобус менен атайын даярдалган милиция алып барылганы, бирок алардын көздөн жаш агызчу газ колдонуу планы ишке ашпай калганын белгиледи.

Ошол эле учурда ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов мындай дооматтарга макул эместигин, милиция ал жерде коомдук тартипти камсыз кылуу милдетин аткарганын айтат:

- Андай болгон эмес, милиция жок болсо кырылышат эле, анан дагы бизди күнөөлөп коюшат. Биздин милдет – коомдук тартипти сактоо.

Түптөгү окуя боюнча иликтөө жүргүзгөндөр эми анын жыйынтыгы боюнча президентке кайрылышмакчы.

- Конституциянын кепили катары президент Бакиевге кайрылабыз, “Ак жолчулар”, сиз дайындаган губернатор-акимдер ушинтип жатат деп...

Укук коргоочу Ниязалы Бекбердиновдун бул айтканын акыйкатчынын өкүлдөрү да кубатташып, иликтөөнүн жыйынтыгы толук чыгарылган соң тиешелүү тараптарга жана коомчулукка кайрылуу жасалаарын кошумчалашты.

Биздин бул маселе боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн пикирин билүү аракетибизден болсо майнап чыккан жок.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG