Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

ЖАЛАЛАБАТТА “АТА МЕКЕН” ПАРТИЯСЫ ЖЫЙЫН КУРДУ


7-майда “Ата Мекен” партиясынын облустук бөлүмү жыйын курду. Анда партконференцияны өткөрүү жана партиянын мындан аркы милдет-максаттары, күзүндө болчу жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна даярдануу маселеси талкууланды. Партиянын жер-жерлерден келген мүчөлөрү менен жолугушкан Өмүрбек Текебаев бийликтин кемчиликтерин сынга алып, партиянын жаштар жана аялдар канатын түзүү керектигин белгиледи. Жалалабат шаар тургунунун пикиринде партиянын эл арасындагы кадыры төмөндөп кеткен.

Бийликчил кишилердин тоскоолдугу менен партиянын Ысыккөл облусундагы жыйыны үзгүлтүккө учураган. “Ата мекендин” таасирин күчөтүү үчүн аймактарда Бишкектегидей жаштар жана аялдар арасындагы ишти күчөтүп, окуу-жолугушууларды уюштуруу зарыл. Партиялаштарына ушундай милдет таккан төрага Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” үчүн шайлоочулар түштүктө 40, түндүк аймактарда 70-80 пайыз добуш беришкенин бийлик жымсалдап салганын билдирди. Бирок шайлоонун Ош шаарындагы жыйынтыгы тууралуу сотко кайрылганда, ал жактан арыздарды кабыл алуу мөөнөтү бүтүп калды деген жооп келген. Уюмдун байкоочуларына Жалалабаттагы шайлоо участкаларында да тоскоолдуктар жасалган. Анын белгилешинче, бийликтин кысымына карабай партия кызматка бара турган адамдарды ойлонткон жана коомду өзгөртө турган узак максаттуу жолду тандап алган. Партияларды каржылоо жөнүндө парламентте каралган маселе да бир партиянын кызыкчылыгына иштеп жаткандыгын айтты. Партияга жардам бермек болгондор жана “Ата Мекенге” мүчө болгондор ар түрдүү шылтоолор менен кызматтардан сүрүлүп чыгарылууда. Ал облпартконференцияны кайсы маалда өткөрүүнү жыйынга келгендердин тандоосуна койду:

- Биз узун жолду тандап алдык. Балким 20-50 жыл өтөт. Коомду, адамдарды, коомдук мамилелерди, адаттарды, салттарды өзгөртсөк дейбиз. Принцибинде биз өзүбүздүн миссиябызды аткарып атабыз. Эгерде биз оппозиция болбосок бүгүнкү үй-бүлөлүк башкаруу таптакыр башкача болмок. Үйүңө чейин келип, кожоюндук кылып, эмне эс алып отурасың, андай эмес, мындай демек. Биз абдан чоң коомго пайдалуу ишти жасап жатабыз. Шайлоолор адилеттүү болгондой деңгээлге алып келишибиз керек. Эгер биз күрөшпөсөк башка эч ким күрөшпөйт.

Эл ичинде маалыматтын жетишсиздигинен партиянын программасы бар, же жок экендигинен күдүксүрөгөндөрдүн суроосун Кумар Азимбаев узатты:

- Айтышат булардын кандайдыр бир мамлекеттин экономикасын көтөргөнгө өздөрүнүн программасын иштеп чыгып, анан ошону менен бийликке сунушташпайбы дешип. Чакан кыскача түрдө элге бул жерде бар, мындай кылып тапса болот деп жайылтып коюш керек. Мисалы азыр сиз айтып аткан нерсе биз укканыбыз менен элге жетпей атат да.

Партиянын бул өкүлүнүн суроосуна Өмүрбек Текебаев мындай жооп айтты:

- Республика боюнча бардык жерде биздин жообубуз, көз карашыбыз бирдей болуш керек. Анүчүн аны биз элге жеткиришибиз керек.

Ал айткандай, былтыр өлкө чыгарган 14 миллиард чарчы метр электр энергиясынын 6 миллиардын эл иштеткен, калганы кайда жумшалганы белгисиз. Казакстандан алынчу буудайларды жергиликтүү дыйкандардан сатып алса болмок, дүйнөдөгү азык-түлүк кризиси жарды өлкөлөргө урулган сокку болот” деп айтты Өмүрбек Текебаев.

Жалалабат шаарынын тургуну Гүлсайра Маматазимова “Ата мекен” партиясынын ишмердүүлүгүнө төмөнкүдөй баасын берди:

- Булардын эл алдында кадыры жок. Себеби булар кайсы окуя болбосун, кайсы иш болбосун тескерисинче агитация кылат. Мисалы мен факты менен айта алам, шайлоону жаман өттү, шайлоодо чындык болбоду деп айтып атышат. Өздөрү эмне иш кылып атат, өздөрү элди бузат, бөлөт.

Партиянын облустагы төрагасы Эргеш Садировдун айтымында, парламенттик шайлоодо көзөмөл жетишсиз болду:

- Жалалабат шаарындагы жергиликтүү уюмдарда кайсы бир айыл өкмөтү болсун, же шаар болсун элдин добушун алып туруп анан кандайдыр бир башка партияга добушун берип коюу кемчиликтери дагы деле бар.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG