Сербияда парламенттик шайлоонун мөөнөтсүз өтүп жатышына быйыл мартта коалициялык өкмөттүн ыдырашы алып келди. Ал эми өкмөттүн ыдырашына 17-февралда Сербиядан көз карандысыздыгын жарыяланган Косово боюнча мындан ары кандай багытты кармануу маселесинде коалициялык өнөктөштөрдүн ич ара ыркка келе албай калганы түрткү болду. Эми жаңы өкмөт алдыдагы шайлоонун натыйжасына жараша куралмакчы.
Өлкөдөгү башкы эки саясий уюмдун бири – Радикалдык партиянын төрага орун басары Томислав Николич эски жолоюуна салып, ыңгайы келгенде Евробиримдикти айыптоодо. Ал Евробиримдикти сербдер батышчыл партияларды колдоосу үчүн жалган убада берип жатат деп эсептейт:
-Хашим Тачи ( Косовонун премьер-министри) Евробиримдик менен үч ай аралыгында келишим түзүүнү көздөп жатат. Андыктан Евробиримдик менен Сербия ортосундагы азыркы макулдашуу - жөн гана азгырык. Евробиримдик бүгүн Сербия менен келишим түздүк, эртең Косово менен түзөбүз, бул мезгил аралыгында Сербияга жаңы инвестициялар, долбоорлор жөнүндөгү убаданы улантабыз, бирок Демократиялык партия жеңсе гана деп айтып жатат.
Серб улутчулдарынын лидерлеринин бири Томислав Николич үч ай мурдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Демократиялык партиянын лидери, батышчыл Борис Тадичке 100 миңдей добуш менен уттуруп койгон эле.
Евробиримдиктин мүчөлүгүн көздөй биринчи кадам катары саналган келишимге президент Борис Тадич өткөн аптада кол койду. Ал муну Сербиянын Батышка ыктоосундагы бурулуш учур деп эсептейт:
-Стаблизация жана ассоциация келишимине кол коюлушу - Батыш Балкандын тарыхындагы жаңы барактын ачылышы. Дагы бир жолу белгилеп кетким келет, Сербия өзүнүн бүтүндүгүн жана өзгөчөлүгүн сактоого укугу жана милдеттемеси бар. Сербия европалык келечекти камсыздоого толук укуктуу.
Азыркыга чейин Косовонун көз карандысыздыгын Евробиримдиктин 19 өлкөсү таанып койду. Президент Тадич шаркет менен жогорудагыдай келишимдин түзүлүшү Косовонун көз карандысыздыгына макул болуу деп эсептебейт. Бирок анын кадамын сербдердин бир катмары мамлекетке чыккынчылык катары түшүнгөндөй. Жергиликтүү гезиттердин ушул аптада жазганына караганда, президенттин дарегине чекесине ок жээри эскертилген кат келген.
Коомдук пикирди сурамжылоонун көрсөткүчтөрүнө караганда, улутчулдардын Радикалдык партиясы менен президент Тадичтин Демократиялык партиясы 35%дык колдоо менен тең чамалаш келе жатат.
Бирок көпчүлүк радикалдар президент партиясынын коалиция боюнча мурунку өнөктөшү, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Воислав Коштуницанын Сербия демократиялык партиясы менен биригип кетет деп күтүүдө.
Коштуницанын партиясы, азыркы сурамжылолор боюнча,12% добуш топтой алат. Эки тарап тең ортодо кандайдыр бир макулдашуу бар экенин жокко чыгарышканы менен жергиликтүү аналитик Вук Станковичтин пикиринде, мындайды күтүүгө болорунун жүйөөсү бар:
-Алдын ала макулдашуу же макулдашуусуз деле бул эки тарапта азыркы шайлоо өнөктүгүнүнүн эң башкы эки маселеси - Сербиянын Косового карата туруму жана Европа менен интеграциялануу саясатына боюнча өз ара түшүнүшүү деңгээли жогору экени анык. Радикалдар кызматташтыкка ашыгып турганын көргөзүштү. Себеби алар күчтүү өнөктөш боло алышат. Менимче эки тарап тең жетиштүү сандагы добуш топтосо, алардын коалициясы Сербия үчүн жеңил эле реалдуулук боло алат.
Ал эми мындай реалдуулук Белграддын Евробиримдикке мүчө болуу аракетине олуттуу сокку урушу мүмкүн. Евробиримдикке кирүү идеясын калктын көпчүлүгү колдогону менен саясий чөйрөдөгүлөрдүн көбү муну Косово проблемасы менен тыгыз байланышта карашат жана ансыз чечүү мүмкүн эмес деп эсептешет.