Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

ООГАНСТАНДА ИРАНДЫК ШПИОН ДЕП ШЕКТЕЛГЕН ЭКИ АДАМ КАРМАЛДЫ


Амирбек Усманов, Прага Ооганстанда Ирандын пайдасына шпиондук кылды деп шектелген ирандык эки жаран кармалды. Алар, ырасмий маалыматка караганда, НАТОнун жана Ооганстандын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/3093103F-D7FA-49AB-995F-322622AF8E91.asp аскерлери тууралуу маалымат топтогон. Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Иранга чектеш Герат провинциясында кары жарак катылган жай табышты. Ырасмий Кабул куралдар Ирандан талиптерге жөнөтүлгөн деп боолгоодо.

Шпион деп шектелген биричи ирандык өткөн аптада Ооганстандын Түштүк Батышындагы Нимроз провинциясында кармалган. Провинциянын губернатору Гулам Дастагир Азаддын билдиргенине караганда, ирандыктын жанынан аскерий техникага байланыштуу сүрөттөр жана документтер чыккан:

-Ал Ирандын чек арасына жакын турган Заранг шаарына кирүүгө аракеттенип жатканда кармалды. Фотоаппаратындагы курал-жарактын сүрөттөрү анын душман менен болгон байланышын ачык көрсөтүп турат.

Экинчи бир ирандык Ооганстандын Түндүк Чыгышындагы Хост провинциясында НАТОнун күчтөрүнө жана ооган аскерлерине тиешелүү маалыматтарды топтоп жүргөндө кармалган. Бул провинциянын полиция акиминин орун басары Вазир Паханын билдиришинче, анын жанында эч кандай күбөлүгү болгон эмес жана ал өзүн адегенде эч нерсени түшүнбөгөн келебай адамдай көрсөткүсү келген. Бирок кийинчерээк жашыруун маалымат топтоп жүргөнүн мойнуна алган.

Хост шаарынын полициясы журналисттерге көрсөткөн видеотасмада ирандык жаран провинциядагы НАТОлук жана ооган аскерлери жайгашкан жайларды картага түшүрүп жүргөнүн ырастайт.

Береги чатактуу окуяга удаа эле Герат провинциясындагы Ирандын чек арасынан 10 чакырым жерде каруу жарак жабыты табылган.

-Жабыттан минометтун снаряды, 785 даана мина, 445 даана пулемет, Калашников автоматынын 2400 куту огу, 85 даана граната аткыч дагы башка куралдар табылды, - деп билдирди Ооганстандын батыш чегара кызматынын акими Рахматулла Сафи. Анын айтышынча, айрым куралдардар Иранда жасалганын энбелгилери тастыктап турат.

Ооган өкмөтү ирандык шпион деп шектелген эки адамдын кармалышы жана курал-жарак жабытына байланыштуу эч кандай билдирүү жасабады. Бирок АКШнын мамкатчысынын орун басары Ричард Боучер 6-майда Иранды Ирактагыдай ачык болбосо да, түрдүү жолдор менен Ооганстандын ички ишине кийлигишет деп маалымдады. Боучердин айтымында, Иран Ооганстандын алсыз болушун каалайт. Ошон үчүн, талиптерге жардамдашып, жергиликтүү лидердерди президент Карзайдын өкмөтүнө каршы тукуруп жүрөт, деди Боучер.

XS
SM
MD
LG