Андан тышкары жаңы президент Медведевдин кол койгон биринчи указы «Улуу Атамекендик согуштун ветерандарын турак-жай менен камсыз кылуу» болгонун Кремлдин маалымат кызматы таркатты.
Ошону менен катар Орусиянын Башмыйзамына ылайык мамлекеттин жогорку бийлигине шайланган киши башка эч бир кызматта болбошу керек. Ушундан улам Медведев буга дейре ээлеп келе жаткан «Газпром» концерндин деректирлер кеңешине төрагалык кызматынан бошогон.
Саясий анализчилер чөйрөсү болсо жакынкы келечекте Орусияда бийликтин үчилтик - парламенттик, президенттик жана өкмөттүк омоктору пайда болот жана анча омоктун экөө азыр Путиндин колунда дешет. Кеп алардын кайсынысы күчтүү чыгарында деп болжолдошот байкоочулар.
«Азатыкка» берген маегинде бозгунда жүргөн айтылуу миллионер Борис Березовский “Путин болгону коштошту, бирок бийликтен кеткиси жок” деп айтты. Анын даражасы ылдый кызматка өтүшүн Березовский:
-Ал бүгүн Медведевге: “мен сага ишенбейм ошон үчүн өкмөткө башчы болуп жатамын, эми мен ал жактан туруп көзөмөлдүк кылам” деп айтканы болду, - деп чечмелейт.
Бирок мурдагы президент Владимир Путиндин каалаганы баштан-аяк мураскоруна колдоо көргөзүү болорун саясий байкоочу Станислав Белковский айтат:
-Менимче өкмөт башчы Владимир Путин кандайдыр бир ык менен чындап эле президенттик такты тартып алуу үчүн умтулбачудай сыяктанат.