Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

ИЗРАИЛДИН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНӨ 60 ЖЫЛ ТОЛДУ


Каарманбек Кулуев, Бишкек 8-майда Израил өзүнүн эгемендүүлүгүнүн 60 жылдыгын белгиледи. Израилдин Эгемендүүлүк декларациясы 1948-жылдын 14-майында кабыл алынган, бирок жөөт календарынын өзгөчөлүгүнөн улам бул жылы ал 8-майга туш келип жатат. Эгемендүү Израилдин --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/3B990817-655B-4644-84FB-615C4731FE5C.ASP түптөлүшү биринчи күнүнөн баштап эле кандуу согушка алып келген. Андыктан бир күн мурун, 7-майда Израил үчүн согушкандар жана террордук соккулардан көз жумгандар эскерилип, атайын сирена жаңырды.

Иерусалимдин Герцл тоосундагы борбордук аскерий көрүстөнүндө өткөн эскерүү аземи эгемендүүлүктүн 60 жылдыгына арналган түрдүү майрамдык иш-чаралардын расмий башталышы деп эсептелет. Өлкө башчысы Шимон Перес, өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана чет элдик коноктордун катышуусу менен өткөн бул салтанатта Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт жумурияттын негизги көйгөйү тууралуу сөз кылды.

- Коңшуларыбыз менен талаш-тартыштарды токтотуу – биздин башкы максат. Ал баардыгыбызга эле пайдалуу болмок. Башыбыздан көп кыйынчылык өттү, көңүлдө таарынычтар калды. Бирок баары бир, бул чечилбей турган көйгөй эмес. Көйгөйдү чечүү үчүн мен сиздерге толук ишеним менен айтар элем, жөнөкөй эле кадамдар жасалыш керек.

Олмерт айткан “жөнөкөй кадамдардын” программасы 2007-жылдын ноябрь айында АКШнын Аннаполис шаарында макулдашылган. 2008-жылдын аягына чейин Израил жана Палестина ортосундагы негизги маселелерди чечүүгө ниеттенген бул аракет Израилдин түптөлүшү менен бирге, а мүмкүн андан да эрте пайда болгон дүйнөлүк талашты чечүүгө багытталган.

1948-жылдын 14-майында Израил эгемендүү өлкө деп жарыяланса, 15-майда Израил менен 5 араб өлкөсү ортосунда согуш башталат. Арабдар көпчүлүк болгон аймакта жөөттөр мамлекетин түзүү тууралуу Бириккен Улуттуар Уюмунун чечими мусулман дүйнөсүн, өзгөчө палестиналыктарды канааттандырган эмес.

Израилдин түптөлүшү менен 700 миңге жакын арабдар өз үйүнөн кетүүгө мажбур болушкан. Андыктан дароо эле эгемендүүлүктөн кийин, 15-майда, палестиналыктар Накба, башкача айтканда чоң Кырсыкты эскеришет.

Израилдин эгемендүүлүгүнө карата өлкөгө АКШ президенти Жорж Буш келет. Күтүлгөн коноктор тизмесинде 12 өлкө башчысы, алардын арасында Грузия, Украина жана Латвия, медиа-магнат Руперт Мардок жана интернеттеги Google издөө системасынын негиздөөчүсү Сергей Брин сыяктуу ишкерлер жана Михаил Горбачев менен Генри Киссинджер сыяктуу саясатчылар бар.

8-майда Израил аба күчтөрү өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп, Израилдин онго жакын шаарынан учуп өттү. Мындан сырткары “Тынчтык секириги” деп аталган иш-чарада 16 өлкөдөн келген 191 киши бирге парашют менен секиришти. Катардагы жөөттөр бул майрамды ачык асман алдында дастаркон жайып, барбекю менен майрамдашты.

XS
SM
MD
LG