Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:54

МАДАЛБЕК КӨЧӨРБАЕВ: АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕР АЛАТООГО КЕРЕК


Кыргызстанда америкалык аскердик базанын Алатоодо турушун жактаган “Ата Мекен Америка менен бирге” деп аталган уюм түзүлдү. Анын жетекчиси Мадалбек Көчөрбаев “Азаттык” менен түз байланыштагы маекте болду.

-Сиздердин уюмдун көздөгөн максаты эмне?

- Ар кандай күчтөр эле каршы чыгып атпайбы америкалык аскер базасын кетсин деп. Ар бир кыргыз өз элинин патриоту болушу керек да. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргошу керек. Гансинин Кыргызстанга пайдадан башка зыяны жок. Булар Кыргызстанга жылына 18 миллион доллар аренда акысын төлөп келатат. Андан башка АКШдан гуманитардык жана башка бир миллиард доллардан ашык грант түрүндөгү жардамдарды алып келатабыз. Демократияны куруу жолунда АКШнын канчалаган колдоосун алып жатабыз. Биз ошондуктан бул базанын Кыргызстанда турушун колдоп чыктык.

-Демек, силер “Сергей Радоженский жана айкөл Манас” коомуна каршы турган күч болуп саналат турбайсыңарбы?

- Туптуура, биз ошолорго каршы чыгып аткан күч болобуз.

- Силер дагы ар кандай акцияларды уюштурасыңарбы?

- Мэриядан атайы улуксат алганбыз, эртен саат ондон он экиге чейин Горький паркында акциябызды уюштурабыз.

- Кантта орус аскер базасы бар. Алар дагы аренда акы төлөшү керекпи же кеткени туурабы, силердин оюңар кандай?

- Алар дагы акы төлөсүн. Канттагы базадан башка Россиянын Кыргызстанда дагы үч аскердик базасы болуп атпайбы. Ысыккөлдөгү торпеда сынаган базасы, Чалдыбарда жана Ошто да бар. Эмне үчүн төрт базанын бирөө да эчтеке төлөбөйт. Канттагы аскерлер эмне кылып жатышканын эл көрүп атат. Торпедону Ысыккөлдө канчадан бери сынап келатышат. Же андан Кыргызстан бир тыйын пайда көрбөсө. Андан башка сегиз гектар жерин алып алды. Берсин кайтарып кыргыздын жерин.

- Бийлик өкүлдөрү орус аскер базасы кыргызстандык балдарды аскердик өнөргө үйрөтүп, курал-жаракты модернизациялап берүүдө деген жообун айтып жатпайбы. Бул максатта төрт миллион долларлык акы төлөнүп жатканын билдиришпедиби.

- Каржы министри айтпадыбы депутаттарга айткан жообунда бир да тыйын төлөбөйт деп. Биз каржы министрине ишенебизби же коргоо министринеби.

Маектешкен Айданбек Акмат уулу

XS
SM
MD
LG